Екатеринбург шаарында “ИННОПРОМ- 2024” эл аралык өнөр жай көргөзмөсү өтүүдө

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусияга жумушчу сапарынын алкагында өкмөт төрагасы Михаил Мишустин, Тажикстан премьер-министри Кохир Расулзода жана Беларусь премьер-министри Михаил Головченко менен бирге Екатеринбург шаарында өтүп жаткан “ИННОПРОМ 2024” эл аралык өнөр жай көргөзмөсүнүн павильондору менен таанышты. 

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, сапардын алкагында өкмөт башчылар өнөр жай, робототехника, санариптик технологиялар, машина куруу жана башка тармактарда инновациялык чечимдерди сунуштаган алдыңкы эл аралык жана россиялык компаниялардын экспозициялары менен таанышты. 

Өкмөт башчыларынын көңүлү Кыргыз Республикасынын павильонуна да бурулуп, анда инвестициялык долбоорлор жана ата мекендик өнөр жайды өнүктүрүүнүн келечектүү багыттары көрсөтүлдү.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өнөр жай тармагында тажрыйба алмашуу жана эл аралык кызматташтыкты чыңдоо аянтчасы катары ИННОПРОМ көргөзмөсүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. 

Сүрөт: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты