Эгемендик майрамында Ала-Тоо аянтында Орусия ырчылары Киркоров, Михайлов, Чеботина ырдайт

  • 3 недели мурун

31-августта, Эгемендик майрам күнү, Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы концертте атамекендик аткаруучулар менен бирге чет элдик ырчылар да чакырылды.  

Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.  

Эгемендик күнкү концертте швециялык ырчы Bosson, италиялык ырчы жана композитор  IN-GRID, Орусиянын ырчылары Филипп Киркоров, Стас Михайлов, Люся Чеботина, кыргызстандык ырчы Амирчик чакырылды.

Социалдык тармактарда эгемендик алган майрамга орусиялык ырчылар чакырылганына нааразы болгондор бар.

Аны айтпаганда да Филипп Киркоров, Стас Михайлов, Люся Чеботина Орусиянын Украинага каршы согушун колдогон ырчылар. Филипп Киркоров 2008-жылы Украинанын эл артисти наамын алса да, Орусиянын Украинага кол салуусун колдоп келет. Эгемендик күндөгү башкы концертке баскынчылыкты колдогон орусиялык ырчылардын чакырылганы канчалык жүйөөлүү деген суроо туулат.

Ал эми концерттик программаны демөөрчүлөр төлөй турганын “Клооп” агенттигине маданият министрлиги билдирди. Аларга канча каражат кете тургандыгы жана демөөрчүлөрдүн аты-жөнү аталган жок.   

Буга чейин маданият министрлиги 350 миллион сомго сатылып алынган жабдуулар Эгемендик күндөгү шоу-программага кызматы кыларын белгилеген.

Сүрөттө: Филипп Киркоров, Люся Чеботина жана Стас Михайлов. Люся Чеботинанын Инстаграмм баракчасынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты