ЕАЭБ мамлекеттеринен Кыргызстанга мыйзамсыз товар алып кирүү аракети токтотулду

  • 2 месяца мурун

20-июлда Ысык-Көл облусунун “Каркыра-авто жол” көзөмөл өткөрүү жайында Казакстандан Кыргызстанга келе жаткан «Volkswagen»  үлгүсүндөгү жүк ташуучу кичи автобусту башкарып бара жаткан  КР жараны А.у.А. кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматында, кармалган киши коштоочу документтери жок, ири өлчөмдө товардык-материалдык баалуулуктарды (мотоциклдер, кийим-кече жана башка эл керектөөчү товарлар) алып кирүүгө аракет кылгандыгы айтылат.

Тергөө-ыкчам иш-чаралары башталганы маалымдалды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты