Дженнифер Тернер: «Кытай абдан бай өлкө болду, бирок курчап турган чөйрө эсебинен»

Сымбат Абишева, Cabar.asia стажеру (Алматы)  

CABAR.asia үчүн эксклюзивдүү интервьюда доктор Дженнифер Тернер Кытайдагы Choke Point (англ: “Камень преткновения” –“Тоскоол ташынын”) демилгеси, Кытайда суу-энергетика көйгөйүн кантип чечип жаткандыгы, анын Борбор Азияга кесепети тууралуу айтып берди.  

Доктор Дженнифер Тернер 23 жыл Вильсон борборунун Кытай экономикалык форумунун директору кызматында эмгектенди. Ал курчап турган чөйрө тармагында америка-кытай кызматташтыгы боюнча эксперт, ошондой эле климаттык маселелерге байланыштуу Кытайдагы “Global Choke Point“ борборунун мультимедиалык репортаж демилгесинин башчысы болуу менен, изилдөөнү визуалдык айтып берү менен айкалыштырды.

-Кытай өзүнүн экономикасын жөнгө салыш үчүн суу ресурстарынын жана электр энергиясынын структуралык таңсыктыгын баштан кечирет. Кеңири белгилүү болгондой, Кытайда дүйнөнүн калкынын 20%ы жашайт, ошол эле кезде ичүүчү суунун дүйнөлүк запасынын 7% эле пайызына ээ. 2010—2020-жылдар аралыгында сиз Вильсон борборунун “Global Choke Point“ демилгесин жетектеп келдиңиз. Кытайдагы “тоскоол ташынын” —  суунун жетишсиздиги менен энергияга суроо-талаптын ортосундагы атаандаштыктын негизги фактылары жана чоң маселелери кайсылар экенин айтып бере аласызбы?  

-Албетте, тарыхтын негизги бөлүгү Кытайда көмүр бул падыша деп айтылып келгенинде, бирок бул падыша абдан суусап турат. Көмүрдүн көпчүлүк бөлүгү Кытайдын түндүгүндө, ал жакта жаан 20% пайыз гана жаайт. Андан тышкары көмүр эң ири буудай сектору менен атаандашат. Жыйынтыгында суу анчалык көп эмес, көмүр көп, тамак көп (дан эгиндери). Буларды чечүү жолу табылыш керек, бирок Кытайда ири техникалык чечимдерди жакшы көрүшөт.

Суунун түштүктөн түндүккө буруу сунушталган чечим, бул муктаждыкты башкаруудан айырмаланып, пайдалануучу суунун көлөмүн азайтат. Кытай энергиялык натыйжалуулук жагынан кыйла алдыга кетти. Ал эми сууну пайдалануунун натыйжалуулугу жагынан абал таталыраак. Натыйжалуулукка жетишүү үчүн керектөөчүлөр менен компаниялар туура стимул жаратышы керек.

1980, 1990, 2000-жылдарда, Кытай экономикалык реформа өткөргөн жылдары, негизги артыкчылык тез өнүгүүгө берилген. Кандай болбосун, энергетиканы, шаарларды өнүктүрүп, андан кийин гана тартипти жөнгө салыш керек болчу. Көйгөй Кытайдын шаарлары 1980-жылдардан баштап жапырт кеңейтиле баштаганында болгон. Кытайлыктар өнүгүүнү күтүп калышкан. Өкмөт болсо артыкчылыкты экономикалык өнүгүүгө багыттаган.   

Сиздер Пекиндеги 2012-2013-жылдардагы смог тууралуу уккансыздар да, смог жерге чейин түшүп келбеди беле? Элдер ооруй баштаган. Жарандар нааразы эле, себеби абанын сапаты өтө начар болчу. Абанын сапатынын кытай стандарттары абдан төмөн болгон. Ачууланганлар арбып, эл каршылык көрсөтө баштаган.

2014-жылы өкмөт абанын булганышына каршы күрөш жүргүзүүнү чечкен. Бул иштин бир бөлүгү катары энергиянын кайра иштетүүчү булагы катары таза энергияны көбүрөөк алуу, чыгыш тараптан көмүрдү буруу болгон, бирок бул дагы көйгөйдү толук чечпейт эле. Көмүр өлкөнүн алыскы жактарында жагылат (Синьцзян), андан кийин электр энергиясын бөлүштүргүч аркылуу бөлүштүрүлөт, ошондуктан Кытайдын ички бөлүктөрү жээк бойлоруна караганда, көбүрөөк булганыч.

-Менин эмки суроомо сиз жарым-тартылай жооп берип койдуңуз. Ошентсе да… Кытай суу-энергетика көйгөйүн кантип чечет? Кандай чара көрүп, өлкө кандай саясатты карманат? 

-Мен журналисттер менен иштештим, алар мени жакшы баяндап берүүгө үйрөтүштү. Биз Кытай тууралуу гана баянды айтып бербестен, АКШда, Индияда, андан кийин Кытайда «Choke Point» маектерин жасадык. Биз муну менен кытай саясатчыларына жардам берип, бизнесмендерине  кеп чет элдиктер “силер жамансыңар” дегенде эмес, бул жалпы көйгөй экенин түшүнүшү үчүн жасадык. Суу ресурстары министрлиги бул маселенин изине байкоо салып калышты.

Мен бир мисалды келтиргенди жакшы көрөм: менин досум Ма Цзюнь жетектеген IPE деп аталган кытайлык өкмөттүк уюм эмес уюм өз ишин мындан 15 жыл илгери баштаган. Алар курчап турган чөйрөнүн булганышы боюнча карта түзүшкөн, анда ар бир завод бөлүп чыгарган булганыч деңгээлин билип турууга болот. Бул көптөгөн эл аралык уюмдарды таң калтырды, себеби алардын жеткирүү чынжырчасы ырасында эле кир болчу. Бул өкмөттүк эмес уюмдагылар эл аралык компанияларга барып, алардын жеткирүүсүнөн кийин сууну жана абаны чындыгында эле тазалаш керектигин айтып турушту.   

«Choke Point» маектериндеги биздин иштерден кийин ал уюмдар изилдөө жүргүзүштү, анда Кытайдагы жети ири көмүр заводундагы (көмүр компанияларындагы) суунун булганышынын тобокелдиги каралган. Алар, Гринпис жана башка уюмдар компаниянын жаман мамилесин кеңири көрсөтүп берүүгө аракет жасашкан. Кытайда өкмөттүк эмес уюмдар үчүн өкмөттү колдоо же басым көрсөтүү кыйын, бирок айрым компаниялар сууну пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулата башташкан.

Кытайдын түндүгүндө суунун жетишсиздигине байланыштуу айрым болот эритүүчү жана башка оор өнөр жай ишканалары сууну натыйжалуураак пайдалана башташты. Эч кандай эреже жок болчу, бирок Кытай курчап турган чөйрөнүн булганышы жана деградациясына каршы күрөшүү боюнча компанияларга талапты күчөтө баштаган. 

 Башкаруу өйдөтөн ылдый карай болгондо, баары эле ташка тамга баскандай болуп кетпейт.

Мамлекет баарын көзөмөлдөй албайт. Алар стимул түзүү үстүнөн иштешти. “Сиздер  CO2 бөлүп чыгарылышын азайтсаңар, CO2 бөлүп чыгарылышын соодалоо боюнча  улуттук программа катары сиздер сууну коргогон болосуңар”  дешти. Азыр бул энергетикалык гана сектор эмес. Алар көп нерсени жасап жатышат. Андыктан өкмөттүк эмес уюм, изилдөө борбору жана мамлекеттик саясат бар. Окурмандарга кызык боло турган эмне бар дегенде, бул коомдук чоң басым болуп, алар өкмөттү аракет жасоого түрткүлөдү.

TED окшогон “Чатыр алдында” деген программа болуп, Чай Цзин чыгып сүйлөгөн. Анда сөз Кытайдын чатыры алдындагы айлана- чөйрөнүн кирдеши тууралуу эле. Анын айткандары Кытайга кеңири тарап, абанын ушунчалык кирдешинин аёосуз катуу чындыгы камтылган болчу. Абанын булганышы бизди акырындап өлүмгө алып келе турганы жана балдарыбыз үчүн коркунуч келтирери тууралуу жакшы мультфильм да жарыкка чыккан. Аны Кытайдын жаңылыктар каналы да көрсөтүп, бардык платформаларында чагылдырып турган. Ошол көрсөтүүлөрдү өкмөт жактыра берген эмес. Бул 2013-2014-жылдары болгон.  Кытайда көпчүлүгү “биз өзүбүздү өзүбүз өлүмгө алып бара жатыптырбыз деп ынанып” калышкан. Кытайдын мамлекеттик каналдары жогортон келген буйрукту укпастан, берүүнү обого чыгарып жиберишкен, ал эми үч-төрт жумадан кийин ал көрсөтүүлөргө тыюу салынган. Ошол фильм азыр Кошмо Штаттарда болушу керек. Коммунисттик партия коомдук пикирге дароо реакция жасайт. Процесске журналисттер да кошулушту. Кытайда “жашыл” журналистика түзүлгөн.        

-Белгилүү болгондой, Кытайдын Синьцзянынан Казакстанга эки чоң дайра агып келет. Же түштүктө өлкөдөгү эң чоң көл — Балхашка куят; Иртыш Казакстандын түндүк өнөр жай борбору аркылуу агып өтөт, анан Сибирге агып кетет. Казакстан Кытай менен суунун бөлүштүрүлүшү боюнча кандай талкуу жүргүзө алат?

-Бул чынында оор маселе. Мен Борбор Азияда жаңы адаммын, бирок бул жакта көптү билейин дейм. Себеби мени чындыгында эле суу маселеси кызыктырат. Мен Казакстанда же Борбор Азияда «Choke Point» ачуу үмүтүм бар, репортаж жасоо үчүн журналисттер менен контракт түзөйүн дейм. Эгер Кытайды карап көрсөк, алардын өздөрүндө трансчекаралык дайраларында (Меконг) көйгөйлөр бар. Тибет суу басым мунарасы бар. Чоң дайралардын көбү Тибеттен башат алат. Кытай Меконгдо плотина курду. Алар “гидроэнергетика углероду аз энергиянын кайра  жаралуу булагы” деп билишет, “мындай энергия бизге керек” дешет.   

Кытайдын ичинде алар экологиялык жактан тазараак жана тунугураак келет, өз жаратылыш ресурстарын жакшыртуунун үстүндө иштей башташат, ал эми өлкөдөн агып чыккандан кийин алар анчалык таза болбой калат. 

Алар Меконгдогу плотина тууралуу Түштүк-Чыгыш Азия менен сүйлөшүүгө анчалык дит койбойт. Мен ушулар тууралуу билгим келет. Көп жыл илгери Кытай Борбор Азия өлкөлөрү менен чек ара тууралуу макулдашуу түзгөн. Биз Пекин баарын эле башкара бербесин да эске алып коюшубуз керек деп ойлойм. Борбордук өкмөт баарын эле көзөмөлгө ала албайт. Бул жергиликтүү бийлик да болушу мүмкүн. Батыш Кытай абдан кедей, алар өз экономикасын өнүктүрүш үчүн өздөрүндөгү кандай байлык болбосун, пайдалангысы келет, ал эми суу бул — байлык. Түндүк Кытайда климат абдан кургак экенин билебиз. Аларда Тарим суу бассейни бар, ал Казакстанга агып өтпөйт. Дүйнөлүк банк Синьцзянда иштеген, алардын Тарим суу бөлүштүргүчү менен интеграцияланган башкаруу модели бар.

Кытай провинциялары сууну туруктуу башкара алышат, бирок жергиликтүү бийликтин дагы сууга камкордук көрбөгөнгө стимулдары болушу мүмкүн деп ойлойм. Ал тургай Кытайдын ичинде да, жөнгө салуу жакшыра электе, провинцияларында суу булганып, агым менен ылдый агып кетип жатканына камкордук көрүшкөн эмес, себеби бул алардын көйгөйү эмес эле.

Кытай экономикалык керемети Пекин бийликти борбордон ажыратып, бийликти жергиликтүү органдарына берип койгонунда болгон. Дэн Сяопин “тезирээк байыгыла” деген, алар аны аткарышты.     

Кытай абдан бай өлкө болуп калды, бирок муну алар курчап турган чөйрөнүн эсебинен жасашты.

-Эми жергиликтүү бийлик органдары үчүн кандай стимул бар экенин билүү кызыктуу. Келиңиз, Борбор Азия тууралуу бир аз көбүрөөк сөз кылалы.  Сиз балким климаттын өзгөрүшү Борбор Азиядагы суу, энергетика жана жер системасына таасирин тийгизип жатканын билээрсиз. Борбор Азиядагы күндүн жылуу боло башташы орто эсеп менен дүйнөдөгүдөн тезирээк болуп жатат. Жылуу болгондон улам дайралардын жогорураак тарабында мөңгүлөр тезирээк эрип бара жатат. Кытайдын мисалын алганда, Кытай Борбор Азияга  бул региондогу көйгөйдү чечүүнүн модели болуп бере алабы? 

-Так ушул соңку 8 жылда Кытай таза энергия булагына өттү. Өздөрүнүн өнүгүү модели аларды байытты, бирок элин оорулуу кылды, курчап турган чөйрөнүн булганышынан деми кыстыгып, Кытайдын туруктуу боло албаганынан жабыр тартышты.

Бир кызыктуу факт. Си Цзиньпин бийликке 2014-жылы, абдан катуу смог болуп турган учурда келди, ошондо ал айлана-чөйрөнүн булганышына каршы согуш ачты. Ошондуктан Си Цзиньпин Кытайдын таза жана жашыл болушуна көп саясий капитал жумшады. 2014-жылы ал АКШ менен климаттык макулдашууга кол койду.  Анын саясий абалы Кытайдын таза жана туруктуу болушун камсыздоо менен абдан жогору деңгээлде байланышты. Таза энергия ушул жогору технология аркылуу дүйнөлүк держава болуп калууда абдан маанилүү. Күн батареяларынын баары Кытайдан чыгат. Кытайды экологиялаштыруу бул акылдуу экономикалык стратегия жүргүзүү, азыр болсо алар таза энергиянын бул технологиялары боюнча АКШ жана Европа менен атаандашууда. 

Кытай күн батарея рыногун ээлеп алды, ошондой эле алар электромобиль боюнча да рынокту ээлегиси келет. Бул экономикалык себептерден улам, ошондой эле Си Цзиньпиндин саясий өмүрү үчүн да жасалууда. Ал бир партиялуу, авторитардык мамлекет болсо да, бул коомдук пикирди эске албай коюу дегенди түшүндүрбөйт.           

-Сиз энергиянын кайра жаралуу булагы жана жашыл технология тууралуу айттыңыз. Бул жагынан Борбор Азия үчүн кандай кызматташтык жолдору бар?

-Кытай экологиялык таза энергия боюнча өз технологияларын өнүктүрүп жаткандыктан, ал жакта ал тургай өтө катуу ылдамдыктагы поезддер да энергиялык жактан алда канча натыйжалуу болуп калды. Бирок алар башка өлкөгө инвестиция салганда, кабыл алуучу тараптын да сунушу чоң мааниге ээ болот. 

“Алкак жана жол” демилгесинин алгачкы жылдарында жакыр өлкөлөр көмүр алгысы келчү, себеби ал арзан болчу. Бирок эми Кытай көмүр менен иштеген электростанцияларды курбай турганын айтты. Казакстан жана Борбор Азиянын башка өлкөлөрү Кытай менен чет элдик инвестиция жагынан кызматташ болгондуктан, алар өздөрү каалаган инвестицияны сурашы керек. Кытай инвестиция бере алат, бирок бул үчүн убакыт керек. Кытай Ички Монголияда көптөгөн шамал жана күн электростанцияларын кура баштаганда, биз атап жүргөндөй, бул таштанды шамал жана таштанды күн энергетикасы болчу. Алар өнөр жайга бул фермаларды курууга стимул беришкен, бирок электр кубатын берүү линияларын бере элек эле. Кийин бул иштерди аткарды, азыр көпчүлүк фермалар электр түйүндөрүнө кошулган.      

-Сиз климатка байланыштуу маселелер боюнча, Борбор Азия өлкөлөрүнүн өкмөттөрүнө, илимий чөйрөсүнө, жарандык коомуна кандай кеңештерди берээр элеңиз? 

-Ар бир өлкө суу-энергетикалык жана тамак-аш кризисине туш келет. Балким, сиздер бул кризиске кабылган жоксуздар, бирок ал жакындап келе жатат. Климат өзгөрүүдө. Менин билишимче, Борбор Азиянын экономикалык өнүгүүсү, урбанизация, шаарлардын кеңейиши, өкмөттүн өнөр жайды өнүктүрүү жана экономикалык жактан өнүгүү менен турмуш деңгээлин көтөрүү аракеттери энергияны талап кылат. Жыйынтык чыгарар алдында мен бул маселени изилдеп чыктым, силер отундун казып алуучу түрү боюнча энергияга көз карандысыздар, ал эми энергиянын натыйжалуулугу жагынан анчалык өнүккөн эмессиздер. Жасаш керек болгон биринчи кадамдардын бири суу менен энергиянын байланышына саясатчылар, активисттер кеңири карашы керек. Мен бул жакта сүйлөгөн сөздөрүмдө суу-энергетика жагынан негизинен мыкты башкаруу тууралуу айттым.  

Эгерде сиздер сууну сарптасаңар, аны үнөмдөө жана мыкты башкаруу үчүн жөнөкөй эле нерселерди жасасаңар болот (аз чыгым менен же чыгымсыз деле).  Сиздер качандыр бир ресторанга бардыңыздар беле, анда кол жууюн десеңиздер суу абдан ысык беле? Эгер ушундай болсо, анда суу ысып, демек, көп энергия коротулуп жатат. Суу менен энергиянын ортосундагы өз ара байланышын түшүнүү бул жакшы башталыш. Ушул долбоордун алкагында болуп жаткан нерселерге кеңири баян жүргүзүлгөн. Ошондон бери айрым өкмөттүк эмес уюмдар, изилдөөчүлөр жана журналисттер Кытайдагы “тоскоол чекитин” кеңирирээк бериш үчүн репортаждарды уюштурушту, андан кийин гана өкмөт аракет жасоону аныкташы керек.   

 Сүрөт: Дженнифер Тернер, булак: https://www.wilsoncenter.org/person/jennifer-l-turner

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты