Дыйкандарга дизель отуну 65 сомдон сатылууда
- 1 год мурун
Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге дизел отуну 65 сомдон сатылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, дыйкандарды мамлекеттик колдоо максатында Мамлекеттик материалдык резервдер фонду Red Petroleum компаниясына 3 млн. литр күйүүчү май берип жатат.
Министрлик жакын арада дагы 3 млн литр дизель отуну бериле турганын кошумчалады.
Муну бөлүшүү