Душанбеде муфтий кол салууга кабылды

  • 7 дней мурун

11-сентябрда Душанбеде Тажикстандын муфтийи Саидмукаррам Абдулкодирзода кол салууга кабылган. Окуя  саат 17:20да борбордук мечитте намаздан кийин болгон.

Ички иштер министрлиги кол салган адам кармалганын билдирип, бирок анын тек-жайы тууралуу маалымат берген жок. Бул факты боюнча кылмыш иши козголгону маалымдалды.

«Кол салуучунун бейбаштык аракеттеринин натыйжасында С.Абдулкодирзода жеңил жаракат алып, медициналык кароодон өткөндөн кийин үйүнө жөнөтүлгөн» деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Саидмукаррам Абдулкодирзода өзү «Озоди» радиосу менен болгон кыска маегинде «Кооптонууга негиз жок, ден соолугум жакшы» деди.

61 жаштагы Абдулкодирзода 2010-жылдан бери Тажикстанда чечим чыгарууга укугу бар жалгыз орган болгон Ислам борборунун Уламалар кеңешинин төрагасы болуп иштеп келет.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты