Дубайда кыргызстандык кыз дайынсыз жоголуп жатканы айтылууда
- 3 недели мурун
Дубайда кыргызстандык кыз жоголуп жатканы айтылууда. Аны акыркы жолу аэропортто көрүшкөн. Бул тууралуу 24.kg Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип, жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, кыздын жакындары ал акыркы жолу Дубайдагы аэропортто болгонун, ал учуп кетүүгө камынып жатканын айтышкан. Бирок Башкы консулдуктун кызматкерлери ал жакка барып, кызды таба алышкан эмес. Башкы консулдуктун кызматкерлери иммиграциялык бөлүмдөн аталган кыз Бириккен Араб Эмираттарынын аймагынан чыкпаганын такташкан.
«Кыргызстандын Башкы консулдугу Дубайдын ыйгарым укуктуу органдарына дайынсыз жоголгон Кыргызстандын жараны А.Б.ны издөөгө көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен тез арада суроо-талап жөнөткөн»,- деп айтылат маалыматта.
24.kg агенттигинин кыздын жакындарына таянып берген маалыматында, кыз фотограф болуп иштейт жана кыз ал жакка сүрөт тартуу үчүн барып, жоголуп кеткен.
«Акыркы жолу дос кызы менен байланышкан, анын үнү тынчсызданып чыккан, 10 секунддан кийин байланыш үзүлүп калды. Анын колунда кара рюкзак жана кызгылт чемодан болгон. Анын бизге белгилүү болгон акыркы жери — Дубайдын Азизи аймагы»,- деп айткан кыздын жакындары.
Сүрөт: интернет булактары