Дональд Трамп президенттикке талапкер болууга расмий макулдугун берди

  • 2 месяца мурун

АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп Республикалык партиядан президенттикке талапкер болууга расмий макулдугун берди. Бул тууралуу ал Милуокиде өткөн партиянын съездинде билдирди.

Трамп өз сөзүндө Пенсильванияда өмүрүнө кол салуу болгон учур жөнүндө айтып берди.

«Мен катуу ышкырган үндү уктум жана оң кулагыма бир нерсе катуу тийгенин сездим. Мен өзүмө «Оо, бул эмне? Бул ок гана болушу мүмкүн» дедим» деген Трамп.

Трамп кулагын таңып алып сөз сүйлөдү. Ал мурда президент болуп турганда АКШнын экономикасы жогорулаганы тууралуу кеп кылды. Трамп ошондой эле 36 триллион доллардан ашкан федералдык карыз менен салыктарды кыскартууну убада кылды.

Дональд Трамп Жо Байдендин администрациясын «эл аралык кризистерди» жаратып жатат деп айыптады. Буга ал Орусиянын Украинага каршы «коркунучтуу согушун» жана Израил менен ХАМАСтын ортосундагы урушту кошту. Трамп эгер өзү президент болгондо мындай согуштар эч канчан болмок эмес деди.

«Трамп президент болуп турган кезде Орусия эч нерсени басып алган эмес»деди экс-президент.

Сүрөт: Reuters

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты