Диний чөйрөгө тиешелүү мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, ЖКда каралат

  • 2 недели мурун

«Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндө» жаңы мыйзам долбоорунун макулдашылган варианты иштелип чыгып, Жогорку Кеңештин (ЖК) кароосуна киргизилмей болду. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 5-сентябрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы астында кеңешме болуп өтүп, анда аталган мыйзам долбоору талкууланып, жыйынтыгында бардык тараптардын пикирлерин эске алуу менен жогорудагы чечим кабыл алынган.

Өлкө башчысы аталган мыйзам долбоорун иштеп чыгууда коомчулуктун бардык катмарларынын кызыкчылыгы эске алынышы керектигин айтып, айрыкча дин тармагындагы таанымал аалымдарды коомдук талкууга коюлган мыйзам долбооруна сунуштарды активдүү берүүгө чакырган. Ошондой эле мамлекеттин жана жарандардын коопсуздугу маселеси көңүл борборунда болушу керектигин билдирген.

Кеңешмеге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Жогорку Кеңештин депутаты Шарапаткан Мажитова, Президенттин кеңешчиси, Башкы прокурор, Ички иштер министринин орун басары, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын төрагасы катышып, өз пикирлерин билдиришкен.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты