Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору дайындалды

  • 1 неделя мурун

Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Юсуповду аталган кызматка дайындаган Жарлыкка президент Садыр Жапаров бүгүн, 10-сентябрда кол койду.

Буга чейин Азамат Юсупов Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директорунун орун басары кызматында иштеген.

Эске сала кетсек, 6-сентябрда Тойгонбай Абдыкаров арызына ылайык, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору кызматынан бошотулган.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты