#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

“ПолитКлиника” медиасы “Детектор” берүүсүнүн алкагында фейк жана манипулятивдүү маалыматтарды аныктоону улантат.

Орус-украин согушу башталганына бир жылдан ашык убакыт болду. Эсиңизде болсо 2022-жылы февраль айында Орусиянын президенти Владимир Путин “атайын аскердик операция” деген жүйө менен Украинага согуш жарыялап, эгемен өлкөнүн аймагына басып кирген. Бириккен Улуттар Уюмунун билдирүүсүнө ылайык, Украинада бир жыл ичинде 8 миңден ашуун жай тургун каза таап, жүз миңдеген адам өз үйүн таштап качууга аргасыз болгон.

Агрессия бир гана согуш талаасында болбостон, маалымат айдыңында дагы тынымсыз жүрүүдө. Анын ичинде социалдык тармактарда Украинанын президенти Владимир Зеленский тууралуу фейк маалыматтар тарап, аны каралоо аракеттери болуп келет. Бүгүн биз согуш башталгандан бери украин лидери тууралуу тараган фейк маалыматтардын айрымдарын талдайбыз. 

1. Зеленскийдин мурду музейде

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

2023-жылдын март айында социалдык тармактарда “Париждеги заманбап искусство музейинде Зеленскийге арналган арт-объект көргөзмөгө коюлду” деген аталыштагы видео тараган. Анда Зеленскийге арналып жасалган мурун жердеги маңзатты жыттап жатканы белгиленген. Бул ага чейин “Владимир Зеленский наркоман” деген өңдүү каралоочу билдирүүлөрдүн уландысы болгон.

Аталган видео интернет тармагына бат эле тарап, пропагандалык PUTIN TG TEAM, “VOBLYA”  “С места события” сыяктуу баракчаларда, Вконтактеде, Zen платформасында жана Твиттерде  жарыяланып, талкууланган. 

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Видео кетет — 9 секунда

Чынында, аталган видеодогу инсталляция Владимир Зеленскийге арналып жасалды деген маалымат чындыкка дал келбейт.

Видео 2018-жылдын сентябрында Италиянын Парма шаарындагы “Мори” заманбап искусство музейинде өткөн «Чыгуу жолу» көргөзмөсүндө тартылган. Видеодогу инсталляция “чаң соргуч мурун” деп аталат, автору германиялык сүрөтчү Том Пэллух. 

Том Пеллухтун  Instagram баракчасында бул инсталляцияга арналган атайын тарыхчалардын жыйындысы дагы бар. Ал жерде дал ушул инсталляцияны түзүү процессинен, көргөзмөдөн кадрлар жана акырында сөз болуп жаткан видеонун толук версиясы дагы бар. Автор мурун инсталляциясын адамдардын жаман адаттарын ачып берүү үчүн жасаганын айткан.

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Бул видеолор 2018-жылдын күз айларында интернетке тарап, көп өтпөй Reddit платформасына да жарыяланган.

Ал убакта Украинанын учурдагы президенти Владимир Зеленский дүйнөгө анча деле таанымал эмес болчу. Ал жогорудагы инсталляция пайда болгондон бир жылдан кийин, 2019-жылы Украинанын президенти болуп шайланган. Жыйынтыктап айтканда, бул арт-инсталляциянын Украинанын президентине эч кандай тиешеси жок. 

2. Зеленский жана маңзат

Интернет айдыңында Украинанын президенти Владимир Зеленскийге “наркоман” клеймосун жабыштыруу аракети болуп келет. Бул орус-украин согушу башталган кийин дагы да күч алган. 

Мисалы, 2022-жылы апрель айында интернетте украин презиндентинин иш бөлмөсүндө тартылган видеосу тараган.  Видеодо Зеленский столдун үстүндөгү документтерин, үй-бүлөсүнүн сүрөтүн жана жанындагы Украинанын желегин көрсөтүп,  “Баарыңыздарга кутман кеч! 52-күн… Эми эмне дейм… Биз күчтүүбүз. Биз иштеп жатабыз. Биз сүйөбүз. Рахмат. Биз сыймыктанабыз. Ошондо биз баарын жеңебиз”, — деп айткан.  

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Бул видео социалдык тармактарга тараганда интернет колдонуучулары столдун үстүндө маңзат турганын айтышып, “Зеленский наркоман” деген өңдүү билдирүүлөрдү калтырышкан.  18-апрелде  ВКонтактедеги «Редовка» баракчасы Зеленский видеодо мас абалда болгонун, ошондуктан эрте менен аны шашылыш түрдө социалдык тармактардан өчүрүп салганын жазган. Комментарийлерде интернет колдонуучулары үстөлдүн үстүндөгү ак сызыктын издерин “маңзат” деп көрсөтүшкөн. Зеленскийдин столунда маңзат турганы тууралуу Кремлчил медиалар жана LiveJournal сыяктуу платформаларда дагы жазышкан.

Чынында, бул билдирүү 2022-жылы 16-апрелде жарыяланган. Видеодо көрүнгөн ак сызык, маңзаттын изи эмес, столдун үстүндөгү сызыкчалардын уландысы экенин  Factcheck.kz сайтынын журналисттери аныкташкан.

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Столдун үстүндөгү ушул эле алтын түстүү сызыкчаларды Зеленскийдин жана мурунку президенттердин сүрөт-видеолорунан да көрсөк болот. 

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Болгону сөз болуп жаткан видеодо ал сызыктар ак түстүү болуп көрүнүп калган.

3. Наркоман экенин моюнга алуусу

Өткөн жылдын март айында ВКонтактеде “Зеленский маңзат колдонорун мойнуна алды” деген видеолор тараган. 25 секунддук видеодо кадр артынан анын маңзат колдонуп-колдонбосун сурашкан, Зеленский 

“Сонун! Керемет. Бул олуттуу суроо. Бул бир күн бою керек болгон энергия. Эртең мененки саат 07:00дө туруп, ит менен сейилдеп келип баңгизатты колдоном. Бул мен жашап жаткан режим. Мен баарына кеңеш берем, бирок аз көлөмдө анткени күндүз колдонсоң уйкуга тартат. Ал эми бул заряд мага кечке чейин жетет”,— деп жооп берген.

Бул видео ВКонтактеде эки жолу жарыяланган. Биринчисин 32 миң, экинчисин 36 миң көрүүчү көргөн. 

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Грузиялык “Детектор Мифов” жана франциялык AFP  Factuel басылмалары маалымдагандай, “Зеленский баңгизат колдонгонун моюнга алды” делген видео YouTube’да 2019-жылы пайда болгон. Ал видео Зеленский президенттик шайлоого катышуу ниетин билдиргенден кийин «Украинская правда» гезитине берген маектен кесилип алынган. Видеонун түп нускасы дээрлик 65 мүнөткө созулган. Анда ошол учурда президенттикке аттанып жаткан Зеленский баңгизаттар жана кофеге болгон сүйүүсү жөнүндө айтып берген. Маектин сегизинчи мүнөтүндө журналист Зеленскийдин баңгизат колдонгону тууралуу айың кептерди айтып, анын бул боюнча оюн сураган.

Владимир Зеленский баңгизат колдонгону жөнүндө ушактарды четке каккан.

 “Укмуш! Керемет. Жок, бул кокаин эмес. Мен баңгизат колдонбойм. Бирок кофени жакшы көрөм. Мен кофенин жытын сезем, анткени мен чындап эле кофеге көз карандымын. Мен кофени абдан жакшы көрөм, бул чын»,- деп жооп берип, ага күч берүүчү кофе экенин айткан.

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Башкача айтканда, Владимир Зеленскийдин маңзат колдонгонун мойнуна алганы тууралуу маалыматтар чындыкка дал келбейт. Ал эми ВКонтактеде тараган видео Зеленскийдин эски маегинен кескиленип алынып монтаждалган.

4. Зеленскийдин клону

Социалдык тармактарда Владимир Зеленскийдин клону бар экени жана аны менен иш сапарларына алмашып чыга турганы тууралуу маалыматтар айтылып келет. 

«Зеленскийдин клону» делген видео биринчи жолу АКШнын президенти Жо Байдендин Киевге күтүүсүз сапарына байланыштуу польшалык Fakt гезитинде жарыяланган. Гезит UATV сайтынын видеотасмасынан кадрларды берген.  Комментарийлерде интернет колдонуучулары Зеленский менен анын коштоочусунун окшоштуктарын белгилешип, аларды клон деп аташкан. 

Бул тезистерди орусиялык маалымат каражаттары “Зеленскийдин клону бар!” деп жазып чыгышкан. 

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Чынында, видеодо президенттин жанында жүргөн адам анын жансакчысы Максим Донец. Бул тууралуу Дезинформацияга каршы күрөшүү борборунан билдиришкен.

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Жакын ракурстан караганда Зеленский менен анын клону делген Максим Донец бири-бирине такыр окшошпой турганын көрүүгө болот. Алардын сырткы келбетиндеги жалгыз окшоштук — бул сакалдары. Мындан сырткары, Максим Донец украиналыктардын арасында абдан белгилүү адам. Ошондуктан анын “клон” болуу ыктымалдуулугу аз. Анын TikTok баракчасында 280 000ден ашуун катталуучусу бар жана анын видеолорун миллиондогон адам көрөт. 

Жыйынтыктап айтканда, Владимир Зеленскийдин “клону” делген адам анын жансакчысы жана ал эл арасында белгилүү адам. 

5. Владимир Зеленский V жана Z тамгаларын колдонууга баш тарткан жок

Владимир Зеленский V жана Z тамгаларын колдонууга баш тартты деген фейк маалыматтар да бар.

2022-жылы апрель айында ВКонтактеде TIME журналынын Владимир Зеленскийдин сүрөтү бар мукабасын бөлүшүшкөн. Анда украин президентинин аты-жөнү “Ладимир Еленский” деп берилип, Зеленский Орусиянын согуштагы символу болуп калган “V” жана “Z” тамгаларын колдонуудан баш тартканын, TIME журналы аны колдоо иретинде бул жаңылыкты Z жана V тамгалары жок чыгарганы жазылган. 

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Бул сүрөт ВКонтактеде талкуу жаратып,  башка социалдык тармактарда да интернет колдонуучулары ар кандай сын-пикир, жана шылдың сөздөрдү жазышкан.

(Америка Кошмо Штаттары дүйнөлүк террордун демөөрчүсү «★СергейГром | ГруппаЧесть☆Спецназ ☆Разведка☆», Telegram)

Чынында, TIME журналы жогорудагыдай мукаба менен чыккан эмес. Владимир Зеленский биринчи жолу TIME журналынын башкы бетине 2019-жыл декабрда чыккан. Анда Зеленскийдин аты жана тамгалардын колдонулушунда эч кандай өзгөчөлүк болгон эмес. 

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Орус-украин согушу башталгандан кийин, 2022-жылы декабрда Зеленский “Time” журналынын версиясы боюнча “жылдын адамы” деп табылып, журналдын башкы бетине сүрөтү жарыяланган. 

#Детектор: Украин президенти Владимир Зеленский тууралуу интернетте тараган беш фейк

Анда да Владимир Зеленскийдин аты-жөнүндө өзгөрүү болбой “Volodimir Zelensky” деп жазылганын көрүүгө болот. 

Жогоруда манипуляциянын кайсы элементтери колдонулган?

Британ изилдөөчүсү Роберт Кроулдун «Эл аралык пропаганда энциклопедиясы» жана «ХХ кылымдагы пропаганда: согуш жана саясат» атту китебинде манипуляциянын элементтери тууралуу айтылат.

Жогоруда биз айтып өткөн фейк маалыматтарда манипуляциянын төмөндөгү элементтери колдонулган;

  1. Анонимдүү авторитет — бул элементте адамдарга терс образ калтыруу максатында колдонулат. 
  1. Жеке адамга апелляция — адамдын жекелигине өтүү жана ал жөнүндө жаман элес калтыруу.
  1. Дезинформация — туура эмес маалымат жеткирүү жана чындыктан алыстатуу.
  1. Душмандын демонизациясы — далили жок адамды каралоо жана аны терс жагынан көргөзүү.
  1. Шылдың жана ирония — кандайдыр бир адамды жалган маалыматты таратуу аркылуу шылдыңдоо.

Манипулияциянын жогорудагы элементтери согуш убагында кеңири колдонулат. Максаты кандайдыр бир объектке, улутка же адамга карата  терс образ калыптандыруу болуп саналат.

Өзүңүздөр билгендей, Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын агрессиясына каршы чыккан лидер катары таанылып жатат. 

Ал эми Кремлге баш ийген маалымат каражаттары дал ушул манипуляциянын элементин колдонуу менен Украина президенти Владимир Зеленскийди дискредитациялоого аракет кылышат. 

Эмне үчүн манипуляция кооптуу?

Манипуляция — бул адамды чындыктан жана реалдуу жашоодон алыстатуучу курал. Аны көп мамлекеттер жана адамдар өз кызыкчылыгы үчүн колдонушат. Манипуляциянын курмандыгы болуп калбоо үчүн бир маалыматты түрдүү булактардан текшерип көрүү абзел экенин белгилейбиз.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты