#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Социалдык тармактар заманбап дүйнөдө негизги маалымат алуучу жана пикир алмашуучу мейкиндик болуп калды. Кыргызстанда дагы күн тартиби социалдык тармактарда белгиленип, коомдук пикирлер дал ошол мейкиндиктерде жаратылууда. Ошол эле маалда өлкөдөгү тигил же бул маселе боюнча же белгилүү бир адамдардын тобу тууралуу троллдор, фейк-аккаунттар жана боттордун жардамы менен жасалма пикир жаратуу аракеттери болуп келет. 

“Детектор” берүүсүнүн бүгүнкү чыгарылышында Фейсбук социалдык тармагында көз карандысыз медиалар, оппозициячыл маанайдагы саясатчылар жана жарандык активисттер тууралуу терс пикир жаратуу менен алектенген фейк-аккаунттар тууралуу кеп кылабыз. 

Мисал катары ушул жылдын 28-майында Бишкектин Ленин районунда өткөн шайлоонун алдында айрым талапкерлер тууралуу каралоочу билдирүүлөрдү тараткан аккаунттарды талдайбыз.

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндөгү каралоочу контент

Бишкек шаарынын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин шайлоо өнөктүгү башталгандан кийин Фейсбукта айрым талапкерлерди каралаган билдирүүлөр тарап жатты. 

Фейк-аккаунттардын чабуулуна кабылган талапкерлер — Өмүрбек Суваналиев, Акыл Айтбаев, Равшан Жээнбеков, Илгиз Шаменов, Эртай Исаков жана Максат Кунакунов болду.

Белгилей кетсек, талапкерлер Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев жана Илгиз Шаменов өткөн жылы “Кемпир-Абад” иши боюнча “массалык башаламандык уюштурууга” шектелип кармалып, азыркы күнгө чейин тергөө абагында жатышат.

Эми бул талапкерлерге кимдер чабуул жасаганын карап көрөлү. 

Темирбек Эшимбеков

Темирбек Эшимбеков — достугунда 5 миңге жакын колдонуучу бар Фейсбуктагы активдүү фейк-аккаунттардын бири. 

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Башкы бетинде карышкырдын сүрөтү турат. Буга чейин монгол актерунун сүрөтүн колдонуп келген.

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

“Темирбек Эшимбеков” май айынын ортосунан тарта жеке баракчасында башка аккаунттардын депутаттыкка талапкер Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев, Өмүрбек Суваналиев, Илгиз Шаменов жана Данияр Тербишалиевди каралаган билдирүүлөрүн бөлүшүп келген. 

Бул аккаунт булардан тышкары Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаровду, активист Тилекмат Куреновду, Кемпир-Абад иши боюнча кармалгандарды, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы, журналист Канышай Мамыркулованы, иликтөөчү журналисттер Али Токтакунов менен Болот Темировду, “Азаттык” радиосун, “ПолитКлиника” медиасын, “Кактус медианын” негиздөөчүсү Дина Маслованы каралаган билдирүүлөрдү дагы байма-бай бөлүшүп турат.

“Темирбек Эшимбеков” дээрлик бардык билдирүүлөрүндө кастык тилин жана сөгүнгөн сөздөрдү колдонот. Эгер депутат Тазабек Икрамовдун социалдык тармактарда сөгүнгөндөрдү айыпка жыгуу сунушу өтүп, мыйзам кабыл алына турган болсо, эң көп айып пул төлөгөн дал ушул аккаунт болсо керек эле. 

Сапар Назаров 

Шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө жогоруда айтылган талапкерлерге негативдүү образ түзүүгө активдүү катышкандардын бири — “Сапар Назаров”. Ал чабуул жасаган талапкерлердин арасында Эртай Исаков менен Максат Кунакунов дагы бар.

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Бул аккаунт жеке барачасында көп активдүү болбогону менен, түрдүү тайпаларга белгилүү бир адамдарды каралаган билдирүүлөрдү жазып, таратат. 

Өзүңүз байкагандай эле, башкы бетинде активист Тилекмат Куреновдун сүрөтүн коюп алган. Аккаунттун ээсинин өздүгүн тастыктай турчу башка маалымат же сүрөт жок. 

Бул аккаунт ушул жылдын март айынан бери иштей баштаган. Негизги бутасы — ошол эле Кыргызстандагы көз карандысыз медиалар, бейөкмөт уюмдар, эркин журналисттер.

Мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы каралоо өнөктүгүнө дагы активдүү катышкан.  

Нургазы Айдарбеков 

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Бул өзүн “Нургазы Айдарбеков” деп тааныштырган келишимдүү жигит чынында бурятиялык Игорь Буянтуев. Ал 2019-жылы эркектер арасындагы дүйнөлүк сулуулук сынагына Орусиянын атынан катышкан. 

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Бирок 2020-жылы Фейсбукта “Нургазы Айдарбеков” деген ат менен пайда болуп, 2022-жылдан бери Кыргызстандагы активисттерди, журналисттерди жана оппозициячыл маанайдагы саясатчыларды каралаган билдирүүлөрдү жазып келет. Белгилей кетчү нерсе, бул аккаунт Кемпир-Абад маселеси көтөрүлгөн учурдан тартып активдүү иштей баштаган.

28-майда Бишкектин Ленин районуда өткөн шайлоонун алдында “Нургазы Айдарбеков” дагы талапкерлер Өмүрбек Суваналиев, Эртай Исаков жөнүндө кастык тили менен билдирүүлөрдү жазып, түрдүү тайпаларга таратып турду. 

Эми алыс кетпей эле Нургазынын Фейсбуктагы достору менен тааныша кетели.

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Данияр Ибрагимов 

Мисалы, бул жерден Данияр Ибрагимовду карап көрөлү. Анын баракчасында башкы сүрөт катары Михаил Фрунзенин бюсту турат. Ага чейин якутиялык аткаминер Николай Фоминдин сүрөтүн колдонуп келген. Бир гана айырмачылык: Данияр сүрөттүн үстүнө Кыргызстандын желегин чаптап койгон. 

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Ага дагы эмнегедир талапкерлер Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев, Эртай Исаков, Өмүрбек Суваналиев, Данияр Тербишалиев, Максат Кунакунов деген талапкерлер жакпай, шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө бир катар каралоочу билдирүүлөрдү бөлүшкөн.

Ага чейин активист Тилекмат Куреновго, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматовага, депутат Адахан Мадумаровго, “Азаттык”, “ПолитКлиника”, “Кактус” медиаларына чабуул жасап келген.

Дамир Байболотов 

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Нургазынын дагы бир досу — “Дамир Байболотов”. Бул аккаунт өзүнүн жеке баракчасында көп активдүү эмес. Бирок Фейсбуктагы түрдүү тайпаларда Кемпир-Абад ишине байланыштуу кармалгандарды, көз карандысыз медиаларды, эркин журналисттерди, оппозициячыл саясатчыларды каралаган билдирүүлөрдү таратып келет. 

Шайлоонун алдында жогоруда саналган талапкерлерге негативдүү образ түзүү өнөктүгүнө дагы активдүү катышкан. 

Өзүн “Дамир Байболотов” деп атаган бул аккаунттун башкы бетинде Интернеттен алынган сүрөт турат. Бул фейк-аккаунттар реалдуу адамдардын образын түзүүгө колдон келишинче аракет кылышат. Мисалы, “Дамирдин” уурдалган сүрөтүнүн алдына “Нургазы Айдарбеков” “Красавчик досум!” деп комментарий калтырып кеткен.

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Гулнура Эрмековa

Монгол актеру, бурятиялык модель, якутиялык аткаминер менен тааныштык.

Кыргыз тилдүү фейк-аккаунттардын арасында коңшу Казакстандын жарандарынын бетин жамынгандар дагы арбын. Келгиле, алар менен дагы таанышып алалы.

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Бул өзүн “Гулнура Эрмекова” деп атап алган аккаунт. “Гулнура” баракчасындагы жеке маалыматтар бөлүмүндө 1968-жылы 13-январда төрөлгөм деп көрсөткөн. Бирок башкы бетинде 25 жашар кыздын сүрөтү турат. Туура, ал бул сүрөттү уурдап алган. “Гулнуранын” баракчасынын башкы бетинде турган сүрөт  2019-жылы “ВКонтакте” социалдык тармагындагы “Казакстандын сулуу адамдары” баракчасына жарыяланган. 

Бул аккаунт 2022-жылы октябрдын аягында пайда болуп, ноябрдан тарта активдүү иштей баштаган. Белгилей кетсек, дал ушул убакта Кемпир-Абад ишине байланыштуу жапырт камоолор болуп, камалгандарды социалдык тармактарда каралоо өнөктүгү башталган. “Гулнура” ошондон бери оппозициячыл маанайдагы айрым саясатчыларга, активисттерге, көз карандысыз медиаларга жана журналисттерге негативдүү образ жаратуу менен алектенип келет. 

Бишкектин Ленин районунда өткөн шайлоонун алдында дагы талапкерлер Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев, Максат Кунакунов, Эртай Исаков, Өмүрбек Суваналиевди каралаган билдирүүлөрдү жазып, таратып жатты. “Гулнуранын” башка аккаунттардан айырмасы — шайлоодо жеңишке жетип, кийин добуш сатып алууга айыпталып, жеңиши жокко чыгарылган талапкер Дамира Ниязалиевага колдоо көрсөткөн.

Руслан Акылбеков 

“Кемпир-Абад” иши башталган учурда, тактап айтканда, өткөн жылдын ноябрында пайда болгон аккаунттардын бири — Руслан Акылбеков.

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Ал дагы башында “Гулнура Эрмековага” окшоп “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилүүсүнө каршы чыккан депутаттарды жана саясатчыларды бутага алган. Кийин “Азаттык, “Клооп”, “Кактус”, “ПолитКлиника” сыяктуу көз карандысыз медиаларга, алардын жетекчи жана кызматкерлерине чабуул жасай баштаган. Ошондой эле, мурдагы акыйкатчы Атыр Абдрахматованы, кийин активист Тилекмат Куреновду каралоо өнөктүгүнө дагы активдүү катышкан.

Май айындагы шайлоо өнөктүгүнүн жүрүшүндө талапкерлер Равшан Жээнбеков, Акыл Айтбаев, Эртай Исаков, Максат Кунакунов жана Өмүрбек Суваналиевге каршы билдирүүлөрдү жазып, таратып жатты.

Баса, “Руслан Акылбековдун” башкы бетиндеги сүрөттү мемдерди жасаган сайттан “казак жигиттери” деген ачкыч сөз менен табууга болот.

Дамира Майлиева 

“Гулнура Эрмекова”, “Руслан Акылбеков” менен бир убакта пайда болгон дагы бир активдүү фейк-аккаунт бар. Ал өзүн “Дамира Майлиева” деп атайт.

#Детектор: Соцтармактарда ЖМК, жарандык активист жана оппозициячыл саясатчыларды кезеги менен тепкиге алган фейк-аккаунттар

Башкы сүрөт катары тувалык кыздын сүрөтүн колдонуп келген. Бирок бир айдан ашыгыраак убакыт мурун “Дамиранын” жашоосунда чоң өзгөрүүлөр болуп “Жаныш Калысбековго” айланып калган. Муну “Клооптогу” кесиптештерибиз айтып беришкен эле. Андан көп өтпөй ал кайра “Дамира Майлиева” болуп алды. 

“Дамира” жогоруда саналып өткөн кесиптештеринен көп деле айырмаланбайт. Ал дагы башында “Кемпир-Абад” суу сактагычынын жеринин Өзбекстанга берилүүсүнө каршы чыккан депутаттар Адахан Мадумаров, Чыңгыз Айдарбековго каршы иштеген. Кийин “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус”, “ПолитКлиника” медиаларын, иликтөөчү журналист Болот Темировду каралаган билдирүүлөрдү бөлүшө баштаган. 

Май айындагы шайлоо өнөктүгү учурунда талапкерлер Равшан Жээнбеков менен Өмүрбек Суваналиевге каршы үгүт жүргүзгөн. 

Өзүңүз байкагандай эле, жогоруда сөз болгон аккаунттарды бириктирип турган нерселер — алардын өздүгүн тастыктай турчу эч кандай маалымат жок. Башка адамдардын сүрөттөрүн же жаныбарлардын, табияттын же башка абстрактуу сүрөттөрдү колдонушат. 

Бардыгы бир эле убакта кайсы бир адам же маселе жөнүндө билдирүүлөрдү жазып, жапырт таратышат. Билдирүүлөрүндө көпчүлүк учурда кастык тилин колдонушат. Алардын бутасы негизинен көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттары, алардын кызматкерлери, эркин журналисттер, жарандык активисттер жана оппозициячыл маанайдагы саясатчылар. 

Фейк-аккаунттар дагы реалдуу колдонуучулардай эле бири-бирине катталып, постторун бөлүшүп, комментарий калтырышат. Алар бири-биринин билдирүүсүн бир аз өзгөртүп, же өзгөртпөй деле өздөрүнүн баракчасына жана түрдүү тайпаларга бөлүшүшөт. 

Эгер сиз социалдык тармактарда ушул сыяктуу кыймыл-аракеттерди байкаган болсоңуз, билдирүүлөрдү таратып жаткан аккаунттарды текшерип чыгыңыз. Эгер аккаунттун фейк болуу ыктымалдуулугу болсо, баракчанын жогору жагындагы үч чекитти басып, анын фейк экени тууралуу арыз калтырсаңыз болот. 

Социалдык тармактарда маалымат алууда абайлап, фейк-аккаунттар аркылуу коомдо жасалма маанай жаратууга аракет кылгандардын кайырмагына илинип калуудан сак болуңуз!

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты