#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Өткөн жумада президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев мамлекет башчысы Садыр Жапаров 8-майда Орусияга иш сапары менен бара турганын билдирди. Маалыматка ылайык, Жапаров иш сапарынын алкагында 9-майга карата Москвада өтчү аскердик парадга дагы катышат. 

#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Орусиялык “Ведомости” басылмасы Жапаров бул парадга конок катары бара турчу чет өлкөлүк жалгыз лидер экенин жазды. 

5-майда Орусиянын президенти Владимир Путин Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефондо сүйлөшүп, аны 9-майга карата өтчү иш-чараларга катышуу үчүн Москвага келип кетүүгө чакырганын Рахмондун басма сөз кызматы кабарлады.

Азырынча Эмомали Рахмондун Москвага барар-барбасы тууралуу расмий маалымат бериле элек.

Бирок Жапаровдун Мосвкадагы аскердик парадда чет өлкөлүк лидерлердин ичинен жалгыз конок болору тууралуу маалымат социалдык тармактарда кызуу талкуу жаратты. Кээ бирлери өлкө башчысынын сапарын колдосо, айрымдары Садыр Жапаровдун бул кадамын сындап чыгышты.

#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад
#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад
#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад
#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад
#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Бул жолу “Детектор” берүүсүнүн алкагында Садыр Жапаровдун Орусиянын аскердик парадына катышуусу кандай кесепеттерди алып келиши мүмкүн экенин талдап көрөбүз. 

9-майдын тарыхы, параддын максаты

1941-жылы 22-июнда Экинчи дүйнөлүк согуштун чоң бөлүгү болгон фашисттик Германия менен СССРдин ортосундагы согуш башталган. Бул кандуу кагылыш дээрлик 5 жылга созулуп, миллиондогон аскерлердин, жай тургундардын өлүмүнө себеп болгон.

1945-жылы 8-майда фашисттик Германия багынып бергени жөнүндө актка кол коюп, ал документ 9-майда күчүнө кирген. 

Ошентип, 9-май СССРдин Жогорку Кеңешинин Президиумунун жарлыгы менен Жеңиш күнү деп жарыяланган.

Жеңиш күнү алгачкы жолу ошол эле 1945-жылдын 24-июнунда Москвадагы Кызыл Аянтта белгиленген. Анда аскердик парад дагы өткөн. 

Майрам 1965-жылдан СССР кулаганга чейин масштабдуу майрамдалып, “Советтик армиянын күчүн жана аскердик техника иштеп чыгуудагы акыркы жетишкендиктерин көрсөткөн аскердик параддар” өтүп турган. Ал эми СССР урагандан кийин Орусиянын өзүндө аскердик параддар 1995-жылдан бери уюштурулуп келет. 

Аскердик параддын максаты ар түрдүү чечмеленип келет. Орус президенти Владимир Путин 2019-жылы мындай иш-чаралар “куралды тарсылдатып, бирөөнү коркутуу максатында эмес, жеңүүчүлөрдүн урматына” уюштурулуп жатканын айткан. 

Анткен менен Мамлекеттик Думанын мурдагы айрым депуттаттары 9-майдагы аскердик парад өлкөнүн күчүн, аскердик өндүрүштөгү жетишкендиктерин көрсөтөт деген пикирин билдиришкен.

Мисалы, 2019 жылы Москвада өткөн парадга 13 миңден ашуун аскер катышып, Т-34-85 танкасы параддын башында жүрүп, анын артынан «Тор-М2» жана «Бук-М2» зениттик-ракеталык комплекстери жана башка аскердик техникалар коштогон.

Башкача айтканда, 9-май бир гана ата бабаларды эскерүү эмес “Орусиянын өз күчүн дүйнөгө көрсөтүүчү күнү катары белгиленип калды” деген пикирлер да арбын. 

Орус-украин согушу. Орусиянын дүйнөлүк аренада “агрессор” катары таанылуусу

#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Ал эми Орусия 2022-жылы Украинанын аймагына масштабдуу басып кирүүнү баштагандан кийин дүйнөдөгү көпчүлүк мамлекеттер Орусияны агрессор катары тааныды.

БУУнун Башкы Ассамблеясынын 26-апрелдеги  жыйынында Орусиянын Украинага каршы агрессиясын таануу каралган резолюцияны 122 мамлекет колдоду. Алардын арасында Кытай, Түркия, Армения жана коңшу Казакстан дагы бар. Ал эми Кыргызстан добуш берүүдөн карманды.

Кыргызстан орус-украин согушу башталгандан бери нейтралдуу позицияда экенин айтып келет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров дагы 2022-жылдын 9-мартында парламенттин жыйынында билдирген

Бирок дүйнөнүн көпчүлүк мамлекеттери агрессор деп тааныган Орусиянын аскердик парадына жалгыз Кыргызстандын президентинин  катышуусу өлкөгө зыянын тийгизбейби деген суроо жаралат.

Алексей Арестовичтин  “саламы”

#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Садыр Жапаровдун Орусияга болгон сапары тууралуу кабар боюнча украин президентинин мурдагы кеңешчиси Алексей Арестович комментарий берип, Жапаровду бул сапардан баш тартууга чакырды. 

“Кыргызстандын президенти Москвага барат экен. Ага салам жолдоп, ошол эле учурда Кыргызстан Евробиримдиктин жардамын алуучу өлкө экенин эскертип кетким келет. Эми алардын президенти балдарды уурдоого айыпталган адамга бара жатат. А бул жерде, менимче, кайсы стулда отуруш керек экендигин аныктоо керек окшойт.”- деген Арестович.

Ал Кыргызстан аркылуу Орусияга экинчи максаттагы товарлар көп санда экспорттолуп жатат деген божомолдорду эске салып, Жапаровдун Москвага болгон сапарын ушуга байланыштырган. Арестович бул үчүн Кыргызстанга өзгөчө көңүл бурулушу мүмкүн экендигин дагы айтты. 

видео кетет

Орусия Украинага кол салып киргенден бери дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Орусияга карата катаал санкцияларды киргизди. Санкциялар согушка себеп болгон Орусияны алсыратуу максатында киргизилип жатканы менен, ага жан тарткан айрым мамлекеттер Орусияга санкциядан качууга жардам берип жатканы байма-бай айтылып келет.  

Эксперттер Орусияга Батыштын санкцияларынан кыйгап өтүүгө жардам берген өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан дагы бар экенин божомолдошууда. Европа реконструкция жана өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча, Кыргызстан акыркы жылда Орусияга кылган реэкспорттон 36 млрд сом киреше тапкан.

Алтургай, Евробиримдиктин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан ушул жылдын мартында Бишкекке келип, Орусияга экспорттоого тыюу салынган товарлар Кыргызстан аркылуу өтүп жатканы тууралуу күмөндөр бар экенин билдирген.

Ал Кыргызстанды Орусиянын санкцияларды айланып өтүүчү платформасы болбоого чакырып, Евробиримдик бул маселе боюнча кыргыз бийлиги менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрүн кошумчалаган.

Белгилей кетсек, Орусияга кол кабыш кылып жаткан мамлекеттердин бири Беларусь Орусияга согуш учурунда жардам көргөзгөндүгү үчүн Евробиримдиктин санкцияларына кабылган

Жыйынтыктап айтканда, украин саясатчысы Алексей Арестович Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Москвадагы аскердик парадга ардактуу конок катары катышуусу “Кыргызстан Орусияга Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүгө жардам берип жатат” деген божомолдорду бекемдей турганын айтууда. Эгер Кыргызстандын Орусияга экспорт жаатында кол кабыш кылып жатканы тастыкталса, Кыргызстандын өзүнө бир катар санкциялар киргизилиши мүмкүн экенин Бизнес ассоциациялардын улуттук альянсынын төрагасы Искендер Шаршеев “Vesti KG” басылмасына берген маегинде билдирген.

“Батыштын санкцияларын кыйгап өтүүдө Орусияга колдоо көрсөткөнү үчүн Кыргыз Республикасына каршы экинчи даражадагы санкцияларды киргизүү ыктымалдуулугу бар”, — деген экономист. 

Ал эми саясат таануучу Эмил Жороев “ПолитКлиника” медиасына берген маегинде президенттин алдыдагы Москвага болгон сапары санкция салууга жетиштүү себеп эмес экенин, бирок эл аралык аренада Кыргызстан үчүн жагымсыз маанай туудурушу ыктымал экенин айтты. 

#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Президент Садыр Жапаров Орусияга баратканы тууралуу толук кандуу маалымат берилбегендиги өкүндүрөт жана эскпорт тармагындагы  бут тосууларды эске алганда жагымдуу, эки тараптуу мамилелердин алкагында бара жатат деп айтуу кыйын. Президенттин Орусияга сапар тартуусу санкция салууга жетиштүү себеп эмес. Бирок саясий майданда бул, албетте, эл аралык сындоого алып барат. Украина тараптан биздин президенттин жалгыз чет өлкөлүк конок болуп ушул күндөрү Орусияга баруусу кескин сынга алынышы мүмкүн жана потенциалдуу түрдө бизге карата башка маселелерде, ошол эле экспорт, реэкспорт маселелеринде санкциялык же башка аракеттер болушу ыктымал. Сапардын өзү санкция туудурбайт, бирок эл аралык аренада бизге анчейин жагымсыз маанай туудурушу мүмкүн”, — деди Жороев.

Саясат таануучу жана Борбор Азиядагы Америка университетинин илимий кызматкери Медет Тюлегенов дагы “ПолитКлиника” медиасына берген маегинде Садыр Жапаровдун Орусиядагы парадга катышканы үчүн эле Кыргызстанга санкциялар салынышы мүмкүн деп айтуу кыйын экенин билдирди. 

#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Менин оюмча, [президентттин] бир гана дал ушул парадга катышуусу үчүн кандайдыр бир санкциялар салынышы мүмкүн деп айтуу кыйын. Дүйнө коомчулугу буга чейин деле Орусия менен кызматташкан мамлекеттерди көрүп келе жатат. Бирок бул окуядан кийин Кыргызстан көңүлдөн сырткары калтырылбайт. Башкача айтканда, [параддан кийин]  Кыргызстанга катуураак көңүл бурулуп, Орусияны активдүү колдоо көрсөтүүнүн башталуусуна байкоо жүргүзүлөт. “Мындай учур катталса, АКШ тараптан экинчи даражадагы санкциялар салынуусу мүмкүнбү?” деген суроо жаралат. Анткени алар (АКШ — ред.) азыртан эле бул санкцияларды активдүү колдонуп жатышат. Европа Биримдигинин тарыхында экинчи даражадагы санкциялары бул убакытка чейин колдоно элек болсо, эми  колдонуп башташты. Европа Биримдигине Орусияга тыюу салынган продукциялар башка мамлекеттер аркылуу өтпөөсү маанилүү. Ошондуктан Кыргызстанга катуураак карай башташат. Бирок бул нерсе Садыр Жапаровдун сапарысыз деле болмок”, — деп билдирди.

Ошондой эле, Тюлегенов Садыр Жапаровдун Орусияга сапарынын алкагында финансылык колдоо, миграция маселеси жана болочоктогу кызматташуулар боюнча сүйлөшүүлөр жүрүшү мүмкүн экенин да белгиледи. 

«Садыр Жапаров аргасыздан барууда»

#Детектор: Президенттин Орусияга сапары жана Москвадагы аскердик парад

Бирок Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Орусиядагы парадга аргасыздан барууда деген да пикирлер бар.

Саясат таануучу жана Борбор Азия боюнча эксперт Аркадий Дубнов “Kloop” басылмасына берген маегинде Садыр Жапаровго Москвадан баш тартууга болбой турган сунуш түшкөнүн билдирген.

Ал 9-майдагы парадда чет өлкөлүк коноктун болуусу Кремль үчүн маанилүү экенин белгилеп, Батыштын же башка ири өлкөлөрдүн лидерлери Москванын сунушуна жооп берүүгө даяр эмес экенин, ошондуктан баш тартуу менен ыңгайсыздыкка учурабаш үчүн мындай сунуштар жасалбай турганын билдирген.

Дубнов Орусия дал ушул сапардын алдында Кыргызстандан бир катар товарды экспорттоого тыюу салуусу  Кыргызстан тарапка колдонулган “камчы” экенин да айткан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты