#Детектор: Кремлдин Европадагы газ кризисине байланышкан манипуляциясы жана пропагандасы 

Орусиялык бир катар ЖМКларда акыркы алты ай ичинде Европадагы газ кризисине байланыштуу бир катар материалдар жарыяланган. 

#Детектор: Кремлдин Европадагы газ кризисине байланышкан манипуляциясы жана пропагандасы 

РИА Новости, ТАСС, Газета.ру, Первый канал, РТР сыяктуу Кремлге баш ийген бир катар ЖМКларда “Европа Орусиянын газы жок тоңуп жатат», «Түрктөр «Газпромдун» чечимине суктанышты”, “Энергокризистен улам Германияда жакырчылык күчөдү” деген өңдүү материалдар жарыяланып келет

“ПолитКлиника” медиасы “Детектор” долбоорунун алкагында орусиялык ЖМКлардын Европадагы газ тууралуу материалдарын талдап көрдү. 

Украинадагы согуштун таасири жана газ маселеси

2021-жылы февраль айында Орусия Украинанын аймагына басып киргенден кийин Европа жана дүйнөнүн бир катар өлкөлөрү Орусияга каршы катаал санкцияларды киргизишкен. Ал эми Орусия ага жооп кылып Европага каршы “газ согушун” баштаган.

Алсак, 2022-жылы май айында  “Газпром” компаниясы Беларусь жана Польша аркылуу Германия жана башка Европа өлкөлөрүнө газ жеткирген негизги түтүктү жаап койгон.

Июнь айында Орусия  “Түндүк агым 1” аркылуу газ берүүнү күнүнө 170 метр кубдан 40 метр кубга чейин түшүрүп, 75 %га азайткан. Кийин июлда бул куурду 10 күнгө жаап, оңдоп-түзөө иштери жүрөрүн айтышкан.

Кайра ачылгандан көп өтпөй “Газпром” дагы 20 метр кубга азайтып, жабдыгы бузулганын билдирген. 

Орусиянын бул кадамы өз учурунда Европага каршы “саясий курал” экени айтылган. 

2022-жылга карата “Газпром” жыл башынан бери КМШдан тышкаркы өлкөлөргө газ экспортун 45% кыскарткан. Компания муну биринчи кезекте Европада суроо-талаптын төмөндөшү менен байланыштырган. “Газпром” 2022-жылдын январь-ноябрь айларында КМШдан тышкаркы өлкөлөргө газ экспортун 95,2 миллиард куб метрге чейин кыскартты, бул өткөн жылдын ушул айларына салыштырмалуу 44,5% аз.

“Газпром” компаниясы газды тастыкталган суроо-талап боюнча берип жатат”, — деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Башкача айтканда, Орусия Европага болгон газ экспортун толугу менен токтотпосо да мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чейин кыскарткан.

  • Европа газ импорту боюнча Орусиядан критикалык түрдө көз каранды экени чындык 
  • Европа көп жылдардан бери Орусия газына көз каранды болуп келет. Мисалы, 2021-жылы Орусия Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн жаратылыш газ керектөөсүнүн 40%ын камсыздаган. Алардын арасынан Германия эң ири импорттоочу, андан кийин Италия жана Нидерланды өлкөлөрү болгон.

    #Детектор: Кремлдин Европадагы газ кризисине байланышкан манипуляциясы жана пропагандасы 

    Ушул себептүү Орусия жаратылыш газын берүүнү критикалык деңгээлге чейин токтоткондо Европа, анын ичинде өзгөчө Германия үчүн кесепеттери оор болушу мүмкүн экени ЖМКларда байма-бай айтылып келген. 

    #Детектор: Кремлдин Европадагы газ кризисине байланышкан манипуляциясы жана пропагандасы 

    “Россия 1” телеканалынын Европага болгон газ экспорту тууралуу сюжетинде “кремлдик пропогандист” деп таанылган журналист Дмитрий Кисилев дүйнө жүзүндө Европа үчүн башка газ жок экенин айткан. 

    “Планетада Европа үчүн башка газ жок. Америкалыктар издеди, таба алышкан жок. Газ Орусияда бар. Европада акыркы убакта баары орус энергия булактарынан акырындык менен баш тартуу жөнүндө айтып жатышат. Биз акчаны үнөмдөйбүз — батирлердеги температураны бир аз төмөндөтөбүз, автобандардагы ылдамдыкты бир аз басаңдатабыз, сууну дагы үнөмдөйбүз, дээрлик азыраак дем алабыз деп жатышат. Алар “жашыл энергияны” пайдаланып, энергетикалык кризистен кутулабыз дешкен эле, бирок мунун баары жоопкерчиликсиз жалган болуп чыкты. Бүгүнкү күндө Европада “жашыл энергия” жок. Паника жана коркуу бар. Путин өз принцибинен кайтпаса, орус газы жок эмне кылышат?”, — деп айткан. 

    Бирок ноябрь айында Германиянын Федералдык тармак агенттиги (Bundesnetzagentur, BNetzA) билдиргендей, Орусиянын газына көз каранды болуп келген Германиянын газ сактоочу жайлары 95,14% толгон. Бул Орусия башында айткан “Европанын бүт шаарлары тоңуп калат” деген теорияны жокко чыгарган

    Анткени Орусиянын газ менен байланышкан кадамдарынан кийин Евробиримдикке мүчө мамлекеттер суюлтулган жаратылыш газын (СГГ) АКШ жана Катар сыяктуу өндүрүүчүлөрдөн ташууга көбүрөөк умтула башташкан. 

    Европа комиссиясынын маалыматына ылайык, 2022-жылы январдан ноябрга чейин Евробиримдик АКШ, Катар жана Нигерия баштаган өлкөлөрдөн импорттогон суюлтулган газ жалпы газ импортунун 25,7%ын түзгөн. Евробиримдик газ импорттогон экинчи ири булак Норвегия болгон, ал жактан импорттолгон газ жалпы импорттун 24,9%ына туура келет. Ал эми Орусиядан кадимки жана суюлтулган газ импорттолгон, бул жалпы импорттун 24,65%ын түзөт. Импорттун калган бөлүгү Алжир баштаган башка өлкөлөргө туура келет.

    #Детектор: Кремлдин Европадагы газ кризисине байланышкан манипуляциясы жана пропагандасы 
    #Детектор: Кремлдин Европадагы газ кризисине байланышкан манипуляциясы жана пропагандасы 

    Муну менен катар Германия баштаган Европадагы бир катар мамлекеттер газ кризисин алдын алуу боюнча бир катар чараларды көрүшкөн. Мисалы, газ жагууну ушул кышта 15% кыскартуу жана газканаларды 1-ноябрга чейин 80% толтуруу планы иштелип чыккан. Германия, Франция жана Испания коомдук имараттарды кышында 19°C жылыткан эрежелерди киргизүүдө. 

    Германия коомдук имараттар менен эстеликтерге эми түнкүсүн жарык берилбейт деп билдирген. Ал эми Испанияда дүкөндөр витринасында саат 22.00дөн кийин жарыкты өчүрүп коюшу керек. Ал эми Еврокомиссия 2030-жылга чейин Европаны газ баштаган орусиялык күйүүчү майлардан көз карандысыз кылуу планынын схемаларын сунуштап жатышат.

    Башкача айтканда, Европада азыркы учурда жаратылыш газына байланыштуу кризис бар экени чындык. Бирок “Европа Орусиянын газы жок таптакыр тоңуп калат” деген маалымат далилденген жок. 

    “Энергетикалык кризистен улам Германияда дары тартыштыгы пайда болду”

    3-ноябрда Орусиянын “Биринчи каналы” Германиядагы энергетикалык кризиске байланышкан дагы бир материал жарыялаган. Анда Германиядагы энергетикалык кризистен улам дары-дармек өндүрүп чыгаруу аксап, фармацевтикалык абал өтө начарлаганы белгиленет. 

    Германиялык BfArM сайтында дары-дармек колдонмолорун жана жеткиликтүү болбогон дарылардын тизмеси жарыяланып турат. 

    Deutsche Welle басылмасынын билдирүүсүнө ылайык, Германия 2021-жылы дары-дармектин таңкыстыгына дуушар болгон. Ага медициналык камсыздандыруу фонддорунун чыгашаларынын жогорулашы жана коронавирустук чектөөлөрдөн улам дары-дармектердин бир өлкөдөн экинчи өлкөгө жеткирүүнүн кыйындаганы себеп болгон.

    Башкача айтканда, орусиялык ЖМКлар Европадагы көпчүлүк кризистик жагдайларды Орусиянын жаратылыш газын токтотконунан улам келип чыккан сыяктуу көрсөтүүгө аракет кылышкан. 

    Мындан сырткары, орусиялык ЖМКларда Европада энергетикалык кризистен улам ачкачылык башталганы тууралуу да бир канча материал жарык көргөн. 

    #Детектор: Кремлдин Европадагы газ кризисине байланышкан манипуляциясы жана пропагандасы 

    Көпчүлүк орусиялык ЖМКларда Европадагы энергетикалык кризистен улам ачкачылык башталып, тамак-аш азыктарынын критикалык дефицити пайда болгону тууралуу маалыматтар чыккан. Анын эң башкы себеби катары Европадагы инфляциянын өсүшү себеп болгону айтылып, европалыктар байма-бай нааразылык акцияларын уюштуруп жатканы белгиленген. 

    Чынында, сентябрь айынан бери Европадагы жакыр мамлекеттердин бири болгон Молдовада бийликке каршы бир канча жолу нааразык акциялары уюштурулган. Орусиялык ЖМКларда белгиленгендей, ага өлкөдөгү энергетикалык кризис жана газ тартыштыгы себеп болгон. Бирок Молдова бийлиги жана бир катар чет өлкөлүк ЖМКлар бул акцияларды Молдовадагы өкмөткө каршы орусиячыл саясатчы каржылаган атайын провокация экенин айтып келишет. Анткени Молдова Кыргызстан сыяктуу СССРдин курамынан чыккан өлкө болгондуктан Орусия бул аймакта да өз таасирин сактап калууга аракет кылып келет. Бирок 2020-жылы Молдованын президенти Майя Санду шайланганда орусиялык ЖМКларда “Батышчыл президент” деген өңдүү терс пикирлер айтылган.

    Ал эми Орусия Европага каршы “газ согушун” баштаганда бул Молдовага да өз таасирин тийгизген. Бул учурда Молдовадагы оппозициячыл “Шор” партиясы Майя Сандунун кызматтан кетишин талап кылышкан. Ал эми “Шор” партиясы Орусиянын бийлиги менен тыгыз байланышта экени айтылып келет. 

    Башкача айтканда, Молдовадагы энергетикалык кризиске байланышкан акциялардын Орусиянын кызыкчылыгындагы саясий себептери дагы бар. 

    Ал эми орусиялык ЖМКлар Молдовадагы нааразычылык акцияларды толугу менен энергетикалык кризиске байланыштырып көрсөтүүгө аракет кылышкан. 

    Мындан сырткары, бүткүл дүйнө сыяктуу эле Европада дагы инфляция өсүп жатканы чындык. Бирок бул орусиялык ЖМКларда айтылган  “Европада элдер ачкачылыктан кыйналып жатат” деген сөздөрдүн чын экенин тастыктабайт. 

    Мисалы, Германияда 2022-жылы инфляция 7,9%га өскөнү аныкталган. Бул Германиянын тарыхындагы чоң инфляциялардын бири болсо да дүйнөлүк деңгээлде алып караганда башка өлкөлөргө салыштырмалуу бир кыйла абал жакшы экенин билүүгө болот. 

    Анткени Орусияда инфляция 2022-жылы 11,98% деп эсептелген. Ал эми Кыргызстандагы инфляция Улуттук банктын маалыматына ылайык, 2022-жылга 14,5%ды түзгөн.

    Жыйынтыктап айтканда, Орусия менен Украинадагы согуш башталгандан кийин дүйнөдөгү бир катар мамлекеттерде энергетикалык кризис пайда болгону чындык. Бирок Орусиялык ЖМКлар көпчүлүк маалыматтарды бурмалап, чындыкка дал келбеген билдирүүлөрдү таратышкан. 

    Муну бөлүшүү
    Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

    Журналисттик иликтөөлөр

    Помочь проекту

    договором оферты