#Детектор: “Ар бир жаранга тиешелүү!”. Маданият министрлигинин пикир үчүн айыпка жыккан долбоору сынга кабылды 

Кыргыз өкмөтү интернетте, анын ичинде ЖМКларда фейк маалымат тараткандарды жазалоо боюнча мыйзам долбоорун сунуштады. Ага ылайык, жалган маалымат же туура эмес маалымат тараткандыгы үчүн жеке жактарга 100 миң сом, ал эми мындай маалыматты тараткан ЖМКга 200 миң сом айып пул салынат. 

Мындай өзгөртүүлөрдү “Кыргыз Республикасынын Укук бузуулар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” КРнын Мыйзамынын долбоорунун алкагында сунуштап, коомдук талкууга коюшту.

Коомдук талкууга келген каршы пикирлердин көбү айып пулдун көлөмүнө карата айтылган

#Детектор: “Ар бир жаранга тиешелүү!”. Маданият министрлигинин пикир үчүн айыпка жыккан долбоору сынга кабылды 

Журналист, экономикалык укук бузууларды кошпогондо, жеке адамга салынуучу айыптын максималдуу өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш экендигин жазган. 

Экономикалык укук бузууларды кошпогондо, жеке адамга салынуучу айыптын максималдуу өлчөмү 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Ал эми, юридикалык жак үчүн айып 650 эсептелген көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Бул мыйзамды ушунча чоң айып менен кабыл алып бийлик башка мыйзамдарды, Конституцияны бузган болот. Ошондуктан айып пулду азайтып, баарын мыйзам чегинде жасоону сунуштайм. Жеке жак үчүн 7500 сом, юридикалык жак үчүн 15000 сом. Өкмөт мыйзамдарды бузбашы керек. Ошондой эле айып салуу же жазаны аныктоо боюнча бардык чечимдерди сот чечиши керек деген норманы киргизүү зарыл”, — деген пикирин журналист коомдук талкуу сайтында калтырылган. 

Юрист Таттыбүбү Эргешбаева, аталган долбоордо көсөтүлгөн айып пулду жөнөкөй адам төлөй албай тургандыгын, бул жерде чоң мыйзам бузуулар бар экендигин айтат

#Детектор: “Ар бир жаранга тиешелүү!”. Маданият министрлигинин пикир үчүн айыпка жыккан долбоору сынга кабылды Бул жерде экономикалык диспропорция болот. Аны экономика министрлиги санап чыгат. Алардын жоболоруна тиркеп айтканда, бул жерде чоң мыйзам бузуулар бар. Себеби, көрсөтүлгөн суммадагы каражатты адам төлөй албайт”. 

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Эльдар Абакиров 100 миң сом айып пул салуу ашыкча экендигин билдирди

Бул жашоо, бул эмоция. Эмоция менен сүйлөп ийген сөзү үчүн, бирдемеге от алып кетип, бирөөнү сындап жазып салган сөзү үчүн 100 миң сом айып пул салган да, силер чечим чыгарган да туура эмес деп ойлойм. Менде эки сунуш бар эле. Бул мыйзам эки маанилүү нерсени киргизиш керек го. Биринчиден, муну маданият министрлиги эмес сот чечиши керек. Сот бул өзүнчө орган, чечим чыгарганга укуктуу. Экинчиден, айып пулду шайкеш кылып азайтуу керек. Азыр Кыргызстанда орточо айлык 30-35 миң сом болуп жатат. А силер 100 миң сом деп жатасыңар”. 

ЖКнын транспорт комитети аталган мыйзам долбоорун жактырды

Аталган долбоор, 17-сентябрда Жогорку Кеңештин транспорт, байланыш, архитектура жана курулуш боюнча комитети тарабынан каралып,  жактырылды. Жыйында мыйзам долбоорунун баяндамачысы катары Юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков сөз сүйлөп, мазактоого кабылган адамдардын ден-соолугуна жана психологиясына зыян алып келип жатканын айтты.

#Детектор: “Ар бир жаранга тиешелүү!”. Маданият министрлигинин пикир үчүн айыпка жыккан долбоору сынга кабылды “Урматтуу депутаттар, интернет тармагынын өнүгүшү менен сайттардын, баракчалардын өсүшү жана маалымат алмашуунун өсүшү менен, аны оң жагына эмес, терс жагына пайдаланган адамдар да көбөйдү. Интернет мейкиндиги аркылуу бирөөлөрдү мазактоо, кемсинтүү жана жалаа жабуу учурлары арбыды. Бул коомдук адеп-ахлакка жана жеке адамдардын ортосундагы мамилелерге коркунуч жаратууда. Мазактоого, жалаага кабылган адамдардын ден соолугуна, үй-бүлөлүк кадыр-баркына, психологиясына жана жумуштагы репутациясына зыян алып келүүдө. Ал эми ошондой жалган сөздү жазып, мазактоону жүргүзгөндөргө мыйзамдарда жазалоо мүмкүнчүлүгү алсыз болуп келгендиктен, “Укук бузуулар жөнүндө” кодекске ушул өзгөртүүлөрдү киргизип жатабыз«, — деди министрдин орун басары.

Ошондой эле, Орозбек Сыдыков депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып,  Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги ишке ашырып, айып пул саларын кошумчалады. 

Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев аталган мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан айыптын өлчөмү ашып кеткенин билдирди.

Бузуу боюнча бизде көптөгөн беренелер бар, 500 сом же 5000 сом айып дегендей. Ошол эле жол бузуулардын эрежери боюнча дагы 2000 сом, 1500 сом, 15 000 сомго чейин, туурабы? Эми балп этип эле 100 миң айып пул. Ушундай дагы болмок беле? Кичине мындай шайкеш болуш керек да. Бир кодекст болгондуктан, бирдей чара колдонуш керек”, — деп билдирди депутат.  

Аны менен катар эле депутат Исхак Масалиев Маданият министрлигинин көзөмөлдөөчү органга айланышын айыптады. 

#Детектор: “Ар бир жаранга тиешелүү!”. Маданият министрлигинин пикир үчүн айыпка жыккан долбоору сынга кабылды “XXI кылымда дүйнө кызык болуп баратат. Маданият министрлиги жалаа жана мазактоо боюнча материал түзүп, чечим чыгарат экен. Мен мындайды биринчи жолу көрүп жатам. Бул Маданият министрлиги эмес, бул УКМКнын же ИИМдин бир бөлүмү деп жазып коёлу анда. Жазага тартуу, жоопко тартуу деген таптакыр башка, ага Маданият министрлигинин тиешеси жок. Мен түп тамыры менен каршымын. Жоопкерчиликти көтөргүлө, бирок Маданият министрлиги көтөрөт дегенди ойлонсоңор боло. Эмне, Максутов айып пул салабы? Өкмөт мүчөлөрү ушуга жооп берип койгулачы”

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев депутаттардын суроолоруна жооп берип, Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору  түзүлгөнүн билдирди.  

#Детектор: “Ар бир жаранга тиешелүү!”. Маданият министрлигинин пикир үчүн айыпка жыккан долбоору сынга кабылды Биз, Маданият министрлиги, эгерде арыздануучу болсо, анын арызын да карайбыз. Андан сырткары, бизде Маалыматтык чөйрөнү изилдөө борбору түзүлдү. Ал борбор мониторинг жүргүзүп турат. Максаттуу түрдө, системдүү түрдө чагым маалыматтарды тараткан сайттарды же колдонуучуларды аныктап турушат. Соңунда атайын корутундунун негизинде аларга чара көрүлөт. Бул мыйзам долбоорунун демилгеленип жатышы саясатчы, коомдук ишмер же башка адамдар жөнүндө гана сөз болуп жатат. Негизинен бул карапайым элдин, адамдардын кызыкчылыгын коргоого багытталган. Анткени, жанагындай жаман сөздөр, кемсинтүүлөр, жалаа-жабуулар коомдук аң-сезимге жана моралдык жактан зыян келтирип, жаш өспүрүмдөрдүн, балдардын психикасына да терс таасирин тийгизип жатат«. 

“Мыйзам долбоору Конституцияга карама-каршы келет”

“Адилет” укуктук клиникасы аталган мыйзам долбоорун анализдеп, өзүнүн корутундусун чыгарган. Ага ылайык, Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин талаптарына карама-каршы келет. 

“Ошондой эле, жеке жактар ​​үчүн 1000 эсептик көрсөткүч, юридикалык жактар ​​үчүн 2000 эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып пул Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 31-беренесинде белгиленген жеке жана юридикалык жактарга салынган айыптардын максималдуу өлчөмүнөн олуттуу ашып кеткен. Анткени, жеке адамга салынуучу эң жогорку айып 200 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш; юридикалык жакка салынуучу айыптын максималдуу өлчөмү 650 эсептик көрсөткүчтөн ашпоого тийиш. Демек, мыйзам долбоорунун аталган жоболору Кыргыз Республикасынын Жоруктар жөнүндө кодексинин 31-беренесинин талаптарына түздөн-түз карама-каршы келет. Ошону менен бирге, биз бул мыйзам долбоорунун концепциясы Кыргыз Республикасынын Конституциясынын талаптарына толук жооп бербей тургандыгын билдиребиз”, — деп айтылат корутундуда.  

Конституцияга ылайык:  

— Кыргыз Республикасында цензурага жол берилбейт, жалпыга маалымдоо каражаттары эркин жана мыйзам чегинде иштейт;

— Конституцияда белгиленген адамдын укуктары жана эркиндиктери эч кандай чектөөлөргө дуушар болбойт; 

— адамдын ар-намысын жана кадыр-баркын каралаган же кемсинткен маалыматтарды тараткандыгы үчүн эч ким кылмыш жоопкерчилигине тартылууга тийиш эмес (29-статьянын 2-бөлүгү);

— сөз, басма сөз жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин чектеген мыйзамдарды кабыл алууга тыюу салынат (63-берененин 1-бөлүгү).

“Медиа Полиси Институту” да бул долбоорду талдап чыгып, Кыргызстандын мыйзамдарында ар-намысты, кадыр-баркты жана ишкердик беделди түшүрүүчү маалыматтарды таркатуудан коргоону камсыз кылуу үчүн зарыл болгон соттук механизмдер камтылганын билдирген. 

Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 259-беренесинде жакында боло турган жарылуу, өрт коюу же өлүм коркунучун жараткан же оор залал келтирген башка аракеттер жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралган. Анда эмне үчүн жалган маалымат тараткандыгы үчүн жоопкерчиликти КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 15-бөлүмүндө “Адептүүлүктү жана тарыхый-маданий мурастарды коргоо чөйрөсүндөгү башкаруу тартибин, тил жөнүндө мыйзамдарды бузуулар” деген беренеге киргизүү сунушталып жатат деген суроолор жаралууда”, — деп жазылат билдирүүдө. 

Бүгүнкү күндө, жалган-жалаага кабылган жарандар өзүнүн укугун коргой ала турган беш норма бар экендигин юрист Таттыбүбү Эргешбаева дагы билдирди

Бул норма кандайдыр бир административдик же жарандык жоопкерчилик эмес, кылмыш жоопкерчилик категориясына кирип кетиши мүмкүн. Бүгүнкү күндө, жалган-жалаага кабылган жарандар өзүнүн укугун коргой ала турган беш норма бар. Эмнеге кайра, ага окшош эле нормалар сунушталып жатат мен үчүн түшүнүксүз”, — дейт Таттыбүбү Эргешбаева.

Мындан сырткары, юристтер буга чейин кабыл алынган ушуга окшош эле нормалар бар экендигин айтып келишет. Алардын бири КРдин Граждандык кодексинин 18-беренеси. Ал беренеге ылайык, жаран өзүнүн ар-намысына, кадыр-баркына же ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды, ал эми юридикалык жак өзүнүн ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды төгүндөөнү жана моралдык зыян үчүн төлөмдү өндүрүүнү сот аркылуу талап кылууга укуктуу.

КРнын Укук-бузуулар жөнүндө кодексинин, 67-беренесине ылайык,  талапкердин ар-намысына, кадыр-баркына жана ишкердик беделине шек келтирген маалыматтарды жалпыга маалымдоо каражаттарынын жайылтуу учурунда сотко кайрылып, 175 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул талап кылууга укуктуу. 

КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесине ылайык, өтүп кеткен адамга карата жалаа-жабуу нормасы сакталып калган. Эгерде өтүп кеткен адамга карата жалган-жалаа маалымат тараса, анын жакындары ушул берененин негизинде сотко кайрыла алышат. 

Ушул эле кодекстин 259-беренесине ылайык, билип туруп террордук акт жөнүңдө жалган маалымат тараткан учурда, бир жылдан үч жылга чейинки мөөнөткө түзөтүү жумуштарына же 500дөн 1000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып салууга, же беш жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу каралган. 

Ошондой эле, 2021-жылы кабыл алынган “Анык эмес” маалыматтан коргоо мыйзамына ылайык, жалган маалымат таратуу жөнгө салынат. 

#Детектор: “Ар бир жаранга тиешелүү!”. Маданият министрлигинин пикир үчүн айыпка жыккан долбоору сынга кабылды Эсиңиздерде болсо, “Анык эмес (жалган) маалыматтан коргоо” мыйзамы кабыл алынып жатканда, медиакоомчулук ага каршы чыккан эле.  Ал ЖКнын депутаты Гульшат Асылбаеванын “Фейктерден коргоо” мыйзамы катары дагы белгилүү. Алгач демилгечилер аны фейктер жана фейк маалымат менен күрөшүү чарасы катары сунушташкан. Мыйзам кабыл алынганы менен фейк менен күрөшүү механизмдери иштелип чыккан эмес. Анткени троллдор, фейк фермалар иштеген, фейк тараган интернет жана социалдык тармактарды ​​жөнгө салуу мүмкүн эмес. Жыйынтыгында мыйзам ЖМКга каршы иштеп баштады. Мисалы, Азаттык, Клооп, Res Publica медиаларынын сайттары бөгөттөлсө, “ПолитКлиника” жана 24.kg’нин сайттарын бөгөттөө аракеттери болду. 

Жаңы сунушталып жаткан мыйзам долбоору дагы цензурага алып келиши мүмкүн экендегин адистер, айрым депуттар дагы айтып жатышат. Бирок, бул жолу ЖМКлар гана эмес, ар бир жаран 100 миң сомго айыпка жыгылып калышы мүмкүн. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты