Депутаттар окуу графигин сынга алышты

  • 1 неделя мурун

Бүгүн, 11-сентябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешев өкмөттүн студенттердин саат 10дон баштап окуу боюнча токтомун сынга алды.

«Экинчи смена дагы бар. Алар кечки 8-9га чейин окуп жатышат. Тыгындар ушундай эле, кечки саат 6дан 9:30га чейин. Эмнеге жолдогу тыгындарды дагы үч саатка жылдырып жатасыңар, ушул чечимдин маанисин түшүнүксүз. Студенттерге эксперимент кылганды токтотпойлубу. Бул чечимди жокко чыгаруу керек. Кечки саат 8де эч ким окубайт, окугусу дагы келбейт. Окуткусу дагы келбейт бул саатта. Мурда жолдо тыгын 19:30га чейин болсо, азыр 9га чейин жылып кетти. Бул эч кандай жыйынтык берген жок, тескерисинче мурдагыдан дагы жаман болуп калды» деди.

Бир катар депутаттар бул чечимди сынга алып, мурдагы калыбына келтирүү керек экенин билдиришти.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кесиптик лицейлерде окуу саат 10:00дөн эрте башталбашы керектигин, ал эми мектептерде саат 8:00 дөн эрте башталышы мүмкүн экендиги тууралуу токтом кабыл алынган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты