Депутат Самыйкожо Миң-Кушта уран калдыгын ташыган унаа дагы кырсыкка кабылганын билдирди

  • 2 недели мурун

Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс, жер казынасын пайдалануу комитетинин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо Жумгал районунун Миң-Куш айылында уран калдыктарын ташыган дагы бир оор жүк ташыган автоунаа кырсыкка кабылганын айтты.

Ал жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин милдетин аткаруучу Медер Машиевди бул маселеге көңүл бурууга чакырды.

“Уран калдыктарын ташыган машине жүгү менен кулаптыр деп атышат. Айылдын ичине кулаптыр. Бул экинчи жолу болуп атат. Ошол жеринде иштеген жетекчилер буга аябай шалаакылык менен мамиле кылышууда. Бул маселе боюнча өлкө башчы өзү барып кепилдик берген. “Ушул жерден баары так, таза ташылат. Эч кимге зыяны тийбейт” деп айткан. Азыр айылдын жашоочулары кооптонуп жатат”деди ал.

Медер Машиев кырсык тууралуу кабары жок экенин, тактап туруп маалымат берерин айтты. Нарын облусунун Жумгал районунун акими Адыбек Набиев “Азаттыкка” кырсык болгонун ырастап, окуя боюнча уран калдыктарын ташуу ишин аткарып жаткан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги толук маалымат берерин айтты. ӨКМ маалыматты тактап берерин билдирди.

Жумгал районунун Миң-Куш айылында 1-июнда “Туюк-Суу” уран калдыгын сактоочу жайдан уран калдыктарын ташып иштеген “HOWO” үлгүсүндөгү оор жүк ташыган машина кырсыкка кабылып, сайга кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, автоунаа кырсыкка учураган маалда бош болгон. Министрлик уран калдыктарын ташыган машиналар дезинфекциядан өтүп турарын жана акыркы кырсыктан кийин эч кандай кооптонуу жок экенин кошумчалады.

“Сууга эч нерсе төгүлгөн эмес. Ошого карабай суунун, топурактын үлгүлөрү алынып текшерүүгө жиберилди. Ал жерден радиациянын көрсөткүчүн ченегенде кооптуулук жок деп чыкты. Ошондуктан жарандарга кооптонууга негиз жок” деп кабарлаган министрликтин басма сөз кызматы.

Миң-Куш айылында “Туюк-Суудагы” уран калдыктарын “Дальнее” сактоо жайына ташуу иштери 2023-жылдын август айында башталган. Аны орусиялык “Росатом” ишканасы ишке ашырууда.

Буга чейин Миң-Кушта айрым жергиликтүү тургундар уран калдыктарын рекультивациялоого каршы чыгып келген.

2013-жылы уран казып алуу өнөр жайында жабыр тарткан аймактарды рекультивация кылуу боюнча Орусия, Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын ортосунда келишим түзүлүп, бул программанын координатору жана ишке ашыруучусу болуп орусиялык “Росатом” мамлекеттик корпорациясы дайындалган.

Алар программанын алкагында өлкөдөгү “Кажы-Сай”, “Туюк-Суу”, “Миң-Куш” жана башка уран калдыктары сакталган жайлардан радиоактивдүү топуракты ташып, рекультивациялоо иштерин жүргүзө баштаган.

Миң-Куштагы уран калдыктарынын негизги бөлүгү айылдын үстүндө жайгашкан. Андагы уулуу зат айылды аралап өткөн жол аркылуу ташылат.

Иллюстрациялык сүрөт: ӨКМ тараткан. Орусиялык “Росатом” ишканасынын өкүлдөрү Жумгалда уран калдыктарын көчүрүү иштери менен таанышып жаткан учур.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты