Депутат Масалиев депутаттардын оозун жапканды токтотпосо болбой калганын айтты

  • 3 месяца мурун

Бүгүн, 27-июнда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын башчысы Исхак Масалиев мыйзам долбоорлорун талкууланбай эле добушка коюу, кабыл алуу адатка айланып калганын сындады.    

“Конституция жана мыйзам боюнча Жогорку Кеңештин 2-3 эле функциясы бар. Анын ичинде Улуттук банктын төрагасынын маалыматын, отчётун угуу. Мурда Жогорку соттун төрагасынын да отчёту угулчу эле, кийин алынып ташталды. Ошентип парламенттин укуктары азайып баратат. Кимдин суроосу жок болсо, суроо берүүгө жазылбай эле койсо болот. Бирок калган депутаттардын оозун жапканды токтотпосо болбой калды. Беш киши суроо берем десе, 25 адам оозун жаап коёбу?” деди ал.

Исхак Масалиев бул сынды Улуттук банктын 2023-жыл үчүн отчетун угуу учурунда айтты.

Улуттук банктын 2023-жылдагы иши жөнүндө төраганын отчету жактырылып, Жогорку Кеңештин тиешелүү токтом долбоору талкуусуз кабыл алынды.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев бүгүн, 27-июнда, парламенттин каникул алдындагы акыркы жыйыны экенин, карала турган маселе көп экенин эскертип, мыйзам долбоорлорун кабыл алууга жетишүү керектигин белгиледи.

Сүрөт: Исхак Масалиев. «ПолитКлиника».  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты