Депутат Кокулов менен Токмоктун мэри Нусубалиев айтыша кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Кокулов менен Токмок шаарынын мэри Максат Нусубалиевдин айтыша кеткенин чагылдырган видео тасма социалдык тармакка тарады.

Депутат Эрулан Кокулов менен Токмок шаарынын мэри Максат Нусубалиевдин кайым айтышына спорт мектебиндеги ремонт иштеринин сапатына эл өкүлүнүн нааразылыгы себеп болгон. Депутат Кокулов Токмок шаарындагы спорт мектебиндеги ремонт иштери сапатсыз жасалгандыгы боюнча барган. Мэр бул маселе көзөмөлдө экенин, толук жасамайынча, кабыл алуу актысына кол коюлбай тургандыгын билдирген. Кокулов ал объектке чогуу барууну сунуштаган.

Видео тасмада ал жактагы мындай кайым айтышууну угууга болот:

-Жогорку Кеңештин депутаты сүйлөп жатканда, сүйлөбөй токтоп туруңуз, -деди Кокулов.

-Макул, кыйкырбай, маданияттуу сүйлөңүз,-деди аким.

-Мен сизге кыйкырган жокмун. Мени жанатан бери айыптап жатасыз.   

— Колуңузду чөнтөгүңуздөн чыгарып сүйлөңүз.    

-Мен жумушумду аткарып жатам. Колумду чөнтөгүмө саламбы, чыгарамбы, ал сиздин ишиңиз эмес.

-Суроого жооп бербесеңиз, кете берсеңиз болот.

-Анда эмнеге чакырдыңар?- деди аким.

-Сизди суроого жооп берсин деп чакырдым,-деди депутат.

Акырында депутат мэрдин жообунун да кажети жок экенин билдирип, кетип калган.

Сүрөт коллажы: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты