Депутат Бекешев милицияны фото, видеого тартуу жана таратууну жазалоо мыйзам долбоору көйгөй жаратарын билдирди
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 30-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында кылмыш-жаза кодексине жана укук бузуулар кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзам долбооруна карата депутат Дастан Бекешев сын-пикирин билдирди.
«Фото-видео тасма боюнча, өтө көп проблема жаратат. Кайсы нормада сот аныктайт деп жазылып турат? Мыйзам долбоорунда милиция өзү аныктайт деп эле турат. Милиция кимдир-бирөөнү камайт, бирөөлөрдү бошотот. Коррупция болуп калат, коркунучтар бар. Бул мыйзам долбооруна ушул норма үчүн эле каршымын. Бир эле милицияга ушундай укуктарды берсек, бул проблема менен бүтөт» деди депутат Бекешев.
Кыргызстанда коомдук тартипти сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу боюнча милдеттерин аткарып жаткан укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин жана аскер кызматчыларынын ишине мыйзамсыз кийлигишип, фото жана видеого тартып, алардын ишин каралоо максатында материалдарды интернет сайттарга жарыялоого тыюу салуу сунушталды. Жаза катары жеке жактарга 5 миң сом айып пул салуу же 5-7 суткага камоо каралган.
Ошондой эле аталган мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушунда коомдук тартипти сактоо же коомдук тартипти бузууга бөгөт коюу боюнча кызматтык милдеттерди аткарып жаткан бийлик өкүлүнө же башка адамдарга каршылык көрсөтүү менен өзүнүн кызматтык, кесиптик ишин же коомдук милдетин аткарып жаткан адамга карата жасалса, 50 миңден 200 миңге чейин айып салууга же беш жылдан жети жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазалоо каралган.
Бул мыйзам долбоорун депутаттар Сүйүн Өмүрзаков, Винера Раимбачаева, Алишер Эрбаев, Кундузбек Сулайманов, Ырысбек Атажанов жазган.
Депутат Айгүл Айдарова бул мыйзамдын жакшы жактары да бар экенин да, бирок адамдардын маалыматты жайылтуу укугуна каршы келерин белгиледи.
Сүрөт: kenesh.kg