Депутат Бекешев: “Башкы прокуратура УКМК менен менчикти мамлекетке кайтаруунун көлөмү боюнча атаандашып жатат”  

  • 3 часа мурун

Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Дастан Бекешов ишкерлер башынан өткөрүп жаткан салык көйгөйлөрү, жалпы эле экономика маселеси боюнча маселе көтөрдү. Депутат Бекешев бир кездери мыйзамсыз сатылып алынды деген мүлктөрдү мамлекетке кайтарып алуунун көлөмү боюнча Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) менен атаандашып жатат деп билдирди.

-Сиздер баарыңыздар окуп жатат болушуңуздар керек, азыр ал тургай Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен менчик мүлктү мамлекетке кайтарып алуунун көлөмү боюнча атаандашып жатат. Бул ишкерлерге бир нерселерди сатууга, бир нерселерди жаратууга тескери таасир берүүдө. Элестетип көрсөңүздөр, дайыма менчикти мамлекетке алуулар тууралуу жазылып жатат. УКМКнын ишмердүүлүгүндө акыйкаттыктын белгилери бар, себеби бир кездерде мамлекеттен жеке менчикке акыйкатсыз тартып алгандар болгон. Бирок Башкы прокуратура Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети менен атаандашпашы керек. Эч ким сотсуз бул иш менен алектенбеши керек. Баары сот аркылуу чечилиши керек, -деди Дастан Бекешев.  

Бүгүн, 23-октябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйыны жүрүп жатат. Жыйын адаттагыдай эле түз эфирде чагылдырылууда.

Сүрөттө: Депутат Дастан Бекешев. «ПолитКлиника».      

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты