Депутат Акаев Молдобекованын иш бөлмөсүн тинтүү ага тиешелүү эместигин билдирди

  • 7 дней мурун

Жогорку Кеңештин депутаты, «Альянс» фракциясынын төрагасы Жанарбек Акаев депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүнүн тинтүүгө алынышы Молдобековага тиешелүү эмес экенин билдирди.

«Бүт маалымат каражаттарында «Альянс» фракциясынын мүчөсү, депутат Гүлкан Молдобекованын иш бөлмөсүн тинтүү болуп жатат деген маалыматтар чыгып кетти. Ал такыр башка маселе боюнча, Молдобекова боюнча эч маселе жок. Өзү болсо төрага менен Өзбекстанда расмий иш сапарда жүрөт».

Жанар Акаев депутаттын иш бөлмөсү кайсы маселеге байланыштуу тинтилип жатканын ачыктаган жок.

Жогорку Кеңештин “Альянс” фракциясынан депутат Гүлкан Молдобекованын кабинетинде атайын күч кызматкерлери кирип барышты. Депутаттын кабинетинде тинтүү жүргүзүлүп жаткандыгы ЖМКда маалымдалды.

Сүрөттө: Жанар Акаев. kenes.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты