Денис Петрашов 23-орунду алып, жарым финалга чыкпай калды
- 2 месяца мурун
Кыргызстандык суучул Денис Петрашов Париждеги Олимп оюндарында жарышка чыгып, 23-орунду ээледи.
Петрашов 27-июлда эркектер арасында 100 метрге брасс стилинде сүзүүгө чыкты. Жарышка 5 топко бөлүнгөн жалпы 36 спортчу катышты. Кыргызстандык спортчу 5-топто сүзүп, өзүнүн тобундагы сегиз суучулдун эң акыркысы болуп келди. Бул жыйынтык менен ал жарым финалга чыкпай калды.
Эми Петрашов 30-июлда 200 метрди брасс ыкмасы менен сүзүүгө катышат.
Муну бөлүшүү