#Дата: “Өз чыгымын актабай калды…”. Кант кызылчасын өндүрүүдөгү көйгөйлөр жана импорттун таасири

Кыргызстандын калкы жыл сайын 155 миң тонна кант керектейт. Кант жөнөкөй адамдардын күнүмдүк рациону менен бирге өндүрүштө да колдонулуп келет. Келгиле, өлкөдөгү кант кантип өндүрүлөрүн карап көрөлү. 

Кант кыргызстандыктардын рационундагы негизги азык-түлүктөрдүн катарына кирет. Өкмөт ар бир жарандын толук кандуу тамактануусу үчүн канттын орточо физиологиялык керектөөсүн айына эки килограммдын тегерегинде аныктаган. Бул норманы аткаруу максатында Кыргызстан шекерди өзү өндүрөт жана чет өлкөлөрдөн импорттойт.

Кант кызылчасы өлкөнүн эки гана регионунда өндүрүлөт — бул Чүй жана Талас облустары. Негизги бөлүк Чүй облусуна туура келет. 2022-жылы Кыргызстандын аймагында 468 миң тонна кант кызылчасы өндүрүлгөн. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, өлкө боюнча кант кызылчасынын бир гектардан түшкөн орточо түшүмдүүлүгү 518 центнерди түзгөн.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, түшүмдүүлүк 2021-жылга салыштырмалуу 2022-жылы жогору болгон. Айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков да Кыргызстан бул жылы өзүн 85% кант менен камсыздай ала турганын билдирген. Анын айтымында, бүгүнкү күндө 670 миң тонна кант кызылчасы жыйналып, керектөөдө тартыштык жаралбайт.

Бирок дыйкандар быйыл кант кызылчасынын түшүмдүүлүгү төмөн болуп жатканын айтышууда. 

Нурлан Ниязов Ысык-Ата районунун тургуну. Ал башка айылдаштары сыяктуу көп жылдардан бери кант кызылчасын эгип келет. Анын айтымында, акыркы жылдары түшүм өз чыгымдарын актабай калганына байланыштуу кант кызылчасын эгүүгө болгон кызыгуу солгундап баратат. 

“10 жылдан бери кант кызылчасын сээп келебиз. Быйыл да 6 гектардай жерге сепкенбиз. Бирок түшүмдүүлүк жылдагыга салыштырмалуу аябай начар болду. Мисалы, беш жыл мурда бир гектар жерден 70-80 тонна түшүм алсак, быйыл 20-30 алып жатабыз. Кээ бир дыйкандар 10 тоннадан да алып жатышыптыр. Түшүмдүүлүк 2-3 эсе азайды”, — деп билдирди Нурлан Ниязов.

#Дата: “Өз чыгымын актабай калды…”. Кант кызылчасын өндүрүүдөгү көйгөйлөр жана импорттун таасири

Түшүмдүүлүктүн азаюусуна бир канча фактор таасирин тийгизүүдө. Эң негизги көйгөй — сугат суунун тартыштыгы. Бир канча жылдан бери күчөп жаткан кургакчылыктын азабын кант кызылчасын айдаган дыйкандар да тартууда. 

Нурлан Ниязов быйыл аларга керектүү суунун көлөмү келбей калганын баяндады:

“Түшүмдүн азаюусу, биринчиден, кургакчылык менен байланыштуу. Негизи эң аз 4-5 жолу сугарышыбыз керек болчу. Бирок суу жетпей калып, көп сугара алган жокпуз. Экинчиден, жер семирткич, трактордун баасы быйыл кымбатыраак болду”.

#Дата: “Өз чыгымын актабай калды…”. Кант кызылчасын өндүрүүдөгү көйгөйлөр жана импорттун таасири

Кургакчылык акыркы жылдары чоң көйгөйгө айланганын көптөгөн фермерлер айтып келишет.

Дыйкандардын сөзүн айыл-чарба министрлигинин өкүлү да тастыктады. Министрликтин дыйканчылыкты өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Нурдин Довлетовдун айтымында, быйыл болуп өткөн кургакчылык кант кызылчасынын түшүмдүүлүгүнө терс таасирин тийгизди.

“Ооба, быйыл кызылча кургак жерге себилди, суу аз болду. Ошондон көйгөйлөр чыгып келди. Азыр күзгү иштер жүрүп жатат. Жерге нымдуулукту сактоо боюнча иштерди алып баруудабыз. Андан сырткары, быйыл аркытардын 20% бетондодук, суу жоготуу төмөндөйт. Буюрса эмдиги жылы мындай көйгөй болбошу керек”, — деди Нурдин Довлетов.

Түшүмдүүлүктүн азаюусуна таасир тийгизген экинчи фактор — кант кызылчасын кабыл алган заводдордогу баа саясаты. Кыргызстанда кант кызылчасын иштетүүчү эки эле завод бар. Алар жыл сайын түшүм чогултуу учурунда дыйкандардан кызылчаны сатып ала башташат. Дыйкандардын айтымында, кабыл алуучу заводдор кызылчага төмөн бааны коюп алышууда:

“Биз кант кызылчасын Ивановка станциясындагы кабыл алуу пунктуна өткөрөбүз. Азыр бир килограмм кызылчанын баасы 4 сом 50 тыйын болуп турат. Мурдараак 5 сом 30 тыйынга көтөрүлүп, кайра баасы түшүп кетти. Биз себебин түшүнбөй калдык”, — деди Нурлан Ниязов.

“Каинды Кант” заводунун башкаруучулар кеңешинин мүчөсү Алмазбек Айтыбевдин айтымында, заводдор коюп жаткан бааларга ошол эле кургакчылык жана чет өлкөдөн импорттолгон шекердин көлөмү таасирин тийгизип жатат.

“Чет өлкөдөн келген шекердин көлөмү чоң болсо, жергиликтүү дыйкандар жана өндүрүүчүлөр зыян тартышы мүмкүн. Биз валюталык секириктерге чейин шекердин килограммын 76 сомдон сатсак, азыр 71 сомдон сатып жатабыз. Бааны мындан да төмөн түшүрсөк, заводдордун иштешине коркунуч туулат”, — деп билдирди Алмазбек Айтыбаев.

2022-жылы Кыргызстанга жыйырма үч мамлекеттен 128 миңден ашык тонна кант импорттолгон. Алардын ичинде Орусия, Казакстан, Беларусь сыяктуу өлкөлөр бар. Бирок эң алдыда Бразилия жана Индия турат.

Чет өлкөдөн кирген канттын көлөмү көп болсо, өлкөдөгү кант өндүрүү тармагы жок болуп кетүү коркунучу бар. Алмазбек Айтыбаевдин билдирүсүнө ылайык, импорттолгон продукциянын көптүгү дыйкандарды кант кызылчасын айдоо аянттарын кыскартууга мажбурлоодо:

“Мындай көрүнүш 2019-жылы да байкалган. Орусия ошол жылы 7,2 миллион тонна кызылча кант өндүргөн. Кыргызстанда Орусиядан импорттолгон канттын баасы 30 сомго чейин арзандаган, бул биз өндүрүп жаткан канттын өздүк наркынан бир топ төмөн болгон. Ал жылы көптөгөн дыйкандар олуттуу чыгымга учурап, анын натыйжасында 2020-жылы айдоо аянты 45%га кыскарган”, — деп билдирди Айтыбаев.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, кант кызылчасынын айдоо аянттары чындап эле кыскарган.

Биздин каарман Нурлан Ниязов да эмдиги жылы кант кызылчанын айдоо аянтын кыскарта турганын билдирди:

“Кийинки жылы кант кызылчасын сепсек да, аянтын кыскарталы деп жатабыз. Айылдагы көп эле дыйкан ушундай пикирде. Мисалы, быйыл 10 гектарга сепсек, кийинки жылы 1 эле гектарга себели деп турабыз. Анткени кызылча  өзүн актамак турсун, чыгаша болуп жатабыз”

#Дата: “Өз чыгымын актабай калды…”. Кант кызылчасын өндүрүүдөгү көйгөйлөр жана импорттун таасири

Мындай жагдай болбошу үчүн эксперттер дыйкандарга өндүрүүнүн жаңы методдорун үйрөтүп, айдоо аянттарын көбөйтүүнү сунушташат. Мындан сырткары, сырттан келген товардын бааларын да көзөлдөө керектиги айтылып келет.

Сүрөт: ИА Тотал КЗ

Автор: ПолитКлиника

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты