Даниэл Ажиевдин апасы жаңы Ак үйдүн дарбазасын сүзгөндүгү айтылууда

  • 17 часов мурун

Бүгүн, 17-октябрда саат 14:30дарда Lexus үлгүсүндөгү автоунаа айдаган аял жаңы Ак үйдүн дарбазасын сүзгөн. Ал аял Даниэл Ажиевдин апасы экендиги айтылууда. Бул тууралуу 24.kg маалымат агенттиги өздүк булактарына таянып, жазып чыкты.

Учурда окуя болгон жерде тартылып алынган сүрөт-видеолор соцтармактарда тарап жатат.

24.kgге окуяны көргөн адам: «Унаанын рулунда Даниэл Ажиевдин апасына окшош аял болгон. Ал андан баарын тартып алышканын жана уулун камап жатышканын айтып, кыйкырды»,- деп айтып берген.

«Аялды коопсуздук кызматкерлери кармап, унаага отургузуп, белгисиз тарапка алып кетишкени» айтылды.

Эске салсак, 30-сентябрда Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту Даниэл Ажиевди үй-мүлкүн конфискациялоо менен 9 жылга эркинен ажыратуу чечимин кабыл алган. Ошондой эле эки жыл ишкердик менен алектенүүгө тыюу салынды жана 220 миң сом өлчөмүндөгү айыпка жыгылган. Ал жаза мөөнөтүн жалпы тартиптеги түзөтүү колониясында өтөрү белгилүү болгон.

Соттун чечими чыккандан бир жума өткөндөн кийин Даниэл Ажиевдин апасы Сайкал Ажиева президентке социалдык тармак аркылуу кайрылуу жасаган. Ал Даниэл Ажиевдин 2 млн доллар турган үй-мүлкү конфискация болгонун айтып, жок дегенде үч баласы, (анын ичинде бирөөнүн оор түрдөгү майыптыгы бар) келинчеги жашаган квартираны конфискациялабай коюуну өтүнүп, жардам сураган.   

Даниэл Ажиевге кылмыш-жаза кодексинин 160-беренеси, Интернет аркылуу сойкулук менен алектенүү жайын уюштургандыгы, 161-берене, порнографиялык материалдарды тараткандыгы, 261-берене, уюшкан топ түзүү, 215-берене, алдамчылык жол менен же ишеничке кирип алып, мүлккө зыян келтирүү беренелери менен айып тагылган.   

Сүрөт: 24.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты