Дагестандагы теракт. Садыр Жапаров Владимир Путинге көңүл айтты

  • 3 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров Орусия президенти Владимир Путинге Дагестандагы террактка байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

«Дагестанда болуп өткөн терактка байланыштуу көңүл айтуумду кабыл алыңыз. Каза болгондордун туугандарына жана жакындарына сабыр тилеп, бул трагедиядан жабыркагандар тезирээк сакайып кетүүсүн каалайм.

Кыргызстан терроризмдин бардык түрлөрүнө каршы турат жана Россия Өкмөтүнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуу боюнча аракеттерин колдойт» деп айтылат анда.

Жекшемби күнү кечинде Дагестандын эки шаарында — борбор калаасы Махачкалада жана андан 130 чакырымдай аралыктагы Дербентте дээрлик бир маалда куралчан адамдардын кол салуусу болгон. Андан кеминде 17 киши набфт болгондугу кабарланган.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты