Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бара турган спортчулардын кийими көрсөтүлдү (сүрөт)

  • 2 недели мурун

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна катыша турган Кыргызстандык спортчулардын параддык жана спорттук кийимдери даяр болду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирип, кийимдердин сүрөтүн жарыялады.

Маалыматка ылайык, параддык жана спорттук кийимдерди ата-мекендик «Bigser sport» фирмасы даярдаган. Жалпы экипировка 10 элементтен, параддык форма: ак калпак, блейзер-пиджак, поло футболка, шым, ал эми спорттук форма: баш кийим, куртка, футболка, карго шым, спорттук бут кийим, рюкзактан турары айтылды.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюну бул жылы 8-сентябрдан 13-сентябрга чейин Казакстандын борбору Астана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандан 183 спортчу катышат.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бара турган спортчулардын кийими көрсөтүлдү (сүрөт)
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бара турган спортчулардын кийими көрсөтүлдү (сүрөт)
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бара турган спортчулардын кийими көрсөтүлдү (сүрөт)
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бара турган спортчулардын кийими көрсөтүлдү (сүрөт)
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бара турган спортчулардын кийими көрсөтүлдү (сүрөт)
Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна бара турган спортчулардын кийими көрсөтүлдү (сүрөт)

Сүрөт: sport.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты