Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстандын улакчылары Түркия командасын жеңди

  • 1 неделя мурун

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көкбөрү командасы 10-сентябрдагы жарым финалда Түркиянын командасын 15:1 эсебинде жеңип алды.

10-сентябрда Казакстан чейрек финалда АКШнын командасын 12:4 эсебинде жеңген. 9-сентябрда Кыргызстан Өзбекстанды 12:6, ал эми Монголияны 16:0 эсебинде утту.

Астана шаарында өтүп жаткан V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Астанада өтүүдө. Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда.

Кыргызстандан 253 спортчу кетти. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашууда.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медаль ойнотулат.

V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында командалык эсепте Кыргызстан 2-орунга чыкты.

Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келген Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары үч жыл катары менен Ысык-Көлдө уюштурулган. 2022-жылы Түркиянын Изник шаарында өткөн.

Кыргызстандан чыккан дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары өз мекенине барып, 2026-жылы Кыргызстанда өтмөй болду.

Сүрөт: Маданият министрлигинин социалдык баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты