Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Кыргызстан курама командасы көк бөрү мелдешинде жеңишке жетишти  

  • 7 дней мурун

Бүгүн, 12-сентябрда, Астана шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында Кыргызстандын көк бөрү боюнча курама командасы Казакстандын курама командасын 10:4 эсебинде жеңип алды.

Оюндун биринчи таймында кыргызстандыктар 5:1 эсебинде утуп алган.

Финалда Кыргызстандын курама командасы Казакстан командасын 10:4 эсебинде жеңип алды.

Бүгүн ошондой эле көк пар боюнча да финалдык беттеш болду. Анда кыргызстандыктар казакстандыктарга 5:4 эсебинде утулду.

Астана шаарында өтүп жаткан V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында оюндар 8-13-сентябрь аралыгында Иш-чарага дүйнөнүн 80ден ашуун өлкөсүнөн 3000ден ашуун спортчулары катышууда.

Кыргызстандан 253 спортчу кетти. Алар спорттун 21 түрүнөн күч сынашууда.

Мелдештер Астананын алты жериндеги стадион жана комплекстерде уюштурулуп, 97 комплект медаль ойнотулат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты