Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары: Бүгүн көк пардан финалдык оюндар өттү

  • 7 дней мурун

Астана шаарында өтүп жаткан V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн, 12-сентябрда, «Казанат» ат майданында көк пар (жер улак) боюнча финалдык беттеш өттү.

Кыргызстандын көкпар (жер улак) боюнча курама командасы күмүш медалга ээ болду. Кыргызстандын курама командасы финалда Казакстан курама командасына 5:4 эсебинде утулду.

Беттештин негизги бөлүгүндө командалар 4:4 эсеби менен тең чыкканда 10 мүнөттүк кошумча убакыт берилди. Казак курамасынын оюнчулары биринчи улак салып, жеңишке жетти.

Беттеш учурунда чыр чыкты, ошондон улам  оюн 15 мүнөттөй токтотулду. Оюндардын жүрүшү тартылган видеолордо биринчи таймдын 13-мүнөтүндө эсеп 3:1 болгондо, Казакстан курамасынын оюнчусу Улан Байтөреев атаандашы Кубанычбек Султан уулун камчы менен чаап жибергенин көрүүгө болот. Биринчи тайм бүтөрүнө 6 мүнөт 7 секунд калганда оюн токтотулду.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты