ЦУМдун жанындагы муниципалдык жерди кимдер сатканы жатышат?

Инстаграмдагы bishkek_dom.kg аталышындагы кыймылсыз мүлктү сатуу баракчасында ЦУМдун артындагы сейил бакта жайгашкан “Улитка” кафесинин имараты жер тилкеси менен чогуу сатылып жатканы тууралуу жарнама жарыяланган. 

ЦУМдун жанындагы муниципалдык жерди кимдер сатканы жатышат?

“ПолитКлиника” медиасы аталган жер кимдерге тиешелүү экендин жана кандай негизде сатылып жатканын текшерип көрдү. 

Жарнамада көрсөтүлгөн номер аркылуу байланышканыбызда ал жер 15 сотухту түзүп, 650 миң долларга сатыларын жана бардык документтери бар экендигин айтышты. 

Негизи жер мамлекет тарабынан 49 жылга арендага берилген. Эгер сиз сатып алсаңыз, ал жер сиздики эле болот. Мамлекет дагы сизден алып кое албайт. 49 жыл өткөндөн кийин аренданын мөөнөтү автоматтык түрдө улантыла берет”, — дейт сатуучу. 

Ошондой эле, сатуучу “Мамлекеттин жерин эмнеге сатып атасың? Ал жер мамлекеттики да”, — деген сыяктуу сөздөр менен жөнөкөй жарандар тарабынан коркутуулар болуп жаткандыгын кошумчалады. 

Биз сүйлөшкөн күндүн эртеси эле бул жарнаманы аталган баракчадан өчүрүп салышкан.

Жер тилкеси  мамлекеттикиби?

Кадастрдык документтер боюнча, аталган жер тилкеси Бишкек шаардык мэриясына таандык. Ошондой эле, жер тилкеси 2004-жылы “Сфера Кей-Джи” компаниясына 49 жылга убактылуу колдонууга берилген. Аталган документке ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башчысы М. Керимкулов, жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыктын башчысы Т. Күрүчбеков кол койгон. 

ЦУМдун жанындагы муниципалдык жерди кимдер сатканы жатышат?

Юстиция министрлигинин базасында “Сфера Кей-Джи” компаниясына Арапбаева Нурсауле Абдырахмановна жана Суракматова Гульбара Эмильбековна ээлик кылары көрсөтүлгөн. Ал эми директору катары “Елизавета” курулуш компаниясынын жетекчиси Тынымсеитова Нуржан Мырзагуловна көрсөтүлгөн.

ЦУМдун жанындагы муниципалдык жерди кимдер сатканы жатышат?

Бизге маалым болгондой, Гульбара Суракматова экс-мэр Азиз Суракматовдун бир тууган карындашы. Ал эми Нурсауле Арапбаева мурдагы депутат Азамат Арапбаевдин аялы.

Бул боюнча мэрия эмне дейт? 

Бул маалымат боюнча мэрия төмөнкүлөргө токтолуп, учурда бул жер тилкесин үчүнчү жактарга өткөрүп берүү туурасында арыз түшө электигин билдирди: 

“Бишкек шаарынын мэриясынын «Бишкек шаарынын аймагында жайгашкан жергиликтүү маанидеги тарых жана маданият эстеликтеринин тизмесин бекитүү жөнүндө» № 58 токтому менен «Улитка» кафесинин имараты 2021-жылдын 5-мартында жергиликтүү маанидеги архитектуранын эстелиги катары бекитилген.

Тарых жана маданият эстеликтери милдеттүү түрдө корголууга, сакталууга тийиш жана аларды пайдалануу өзгөчө укуктук режимге ээ. Белгилей кетсек, имарат 1980-жылы архитектор Р. Мухамадиевдин долбоору боюнча курулган.

2004-жылы Шопоков көчөсүндө жайгашкан «Улитка» кафесинин имараты үчүн жер участогу «Сфера Кей-Джи» ЖЧКсына 49 жылдык мөөнөткө ижара шартында убактылуу пайдаланууга берилген.

Объект №2 коргоо зонасында жайгашкан, анын аймагында мамлекеттик органдардын макулдугусуз кандайдыр бир курулуштарды курууга, колдонуу структурасын өзгөртүүгө тыюу салынат.  

Белгилей кетүүчү нерсе, жер участогун саткан учурда жаңы жер пайдалануучу бул участоктун функционалдык багытын өзгөртпөшү керек.

Мындан тышкары, бүгүнкү күндө Муниципалдык мүлктү башкаруу департаментинин дарегине Шопоков көчөсүндөгү жер участогун үчүнчү жактарга өткөрүп берүү тууралуу арызы түшкөн жок”. 

Демек, сөз болуп жаткан жер тилкесин үчүнчү тарапка сатуу тууралуу мамлекеттик органдар менен макулдашылган эмес. Биз бул сатуу боюнча “Сфера Кей-Джи” компаниясынын жетекчиси Нуржан Тынымсеитова менен байланышууга аракет кылдык, бирок майнап чыккан жок. 

Эске салсак, 2015-жылы да “Улитка” кафесин, жер тилкеси менен чогуу сатуу аракети болгон. Анда сатуучулар 1,5 млн доллар сурашкан. 

ПолитКлиника

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты