“Чындык үчүн алты жыл”. Абакка камалган журналисттерди колдоо үчүн публикациялар марафону жарыяланды  

  • 15 часов мурун

Кыргызстандын аракеттеги медиа платформасы абакка алынган журналисттерди колдоо максатында «#6ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафонун баштайт.

15-октябрда, Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан иликтөөчү журналисттерге карата адилетсиз өкүмдөргө жооп иретинде, Кыргызстандагы Медиа аракеттер платформасы «#ЧындыкҮчүн6Жыл» публикациялар марафонун баштайт.

Бир жуманын ичинде редакциялар, онлайн платформалар жана социалдык тармактын колдонуучулары Temirov Live, «Айт Айт Десе» жана «Алга Медиа» сыяктуу негизги иликтөөлөрдү эске салып, алардын иштери өлкөдө коррупцияга каршы күрөшүүгө жана укуктук тартипти чыңдоого кандай салым кошконун көрсөтүшөт.

Бул флешмоб биздин коомчулуктун жана эл аралык коомчулуктун журналисттерге каршы жасалган системалуу репрессияларга көңүл бурууга багытталган.

Иш-чаранын уюштуруучулары бул аракет жарандарга журналисттик иликтөөлөр коомго маанилүү өзгөрүүлөрдү алып келген булак экенин эске саларын үмүт кылышат.

Махабат Тажыбек кызы менен Азамат Ишенбековдун эркинен ажыратылышы жөнүндөгү сот чечими кесипкөй коомчулуктун жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын нааразычылыгын жаратты. Алар бул өкүмдөрдү сөз эркиндигине жана көз карандысыз журналистикага каршы саясий куугунтук катары баалашууда.

Флешмобдун уюштуруучулары жалпыга маалымдоо каражаттарын, жарандык уюмдарды жана жарандарды журналисттер менен тилектештикти билдирип, сот органдарын бул айыптоолорду кайра карап чыгууну талап кылууга чакырышат.

Бишкек шаарынын Ленин райондук соту «Темиров лайв» жана «Айт айт десе» долбоорлорунун директору Махабат Тажыбек кызын 6 жылга, журналист Азамат Ишенбековду 5 жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Актилек Капаров менен Айке Бейшекеева үч жылдык мөөнөт менен пробацияга чыгарылды. Калган журналисттер — Акыл Орозбеков, Жумабек Турдалиев, Жоодар Бузумов, Сапарбек Акунбеков, Сайпидин Султаналиев, Максат Тажыбек уулу жана “ПолитКлиникадан” Тыныстан Асыпбеков соттун чечими менен акталды.    

Ички иштер министрлиги “Айт Айт Десе” жана “Temirov Live” баракчаларындагы массалык башаламандыктарга чакырык жасаган материалдарга байланыштуу кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренесинин үчүнчү бөлүгү (“Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар”) менен иш козголгонун билдирген.

Журналисттер коюлган айыпты четке кагышкан. Бир катар эл аралык жана жергиликтүү уюмдар бийликти эркин журналисттерди бошотууга чакырып келет.

Сүрөттө: Махабат Тажыбек кызы. Сүрөт: Бектур Оргубаев/ПолитКлиника

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты