Чолпон-Атадагы «Сьюзи Вонг» түнкү клубунда баңги заты табылды

4-августта Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан «Сьюзи Вонг» түнкү клубунда  төрт даана гашиш баңги заты табылып алынды. 

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, болжолдуу маалыматтар боюнча аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.

Мындан тышкары түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлгөнү кабарланды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты