Чолпон -Атадагы ат майданда түнкү клубдун иштеши. Ат майдандын юристинин жообу

  • 1 месяц мурун

Чолпон-Атадагы ат майданында «Сьюзи Вонг» аттуу түнкү клубдун иштеши боюнча ат майдандын юристи Бакыт Абиров жооп берди.

Юристтин айтымында, ал жакта түнкү клуб бир канча жылдардан бери иштеп келе жатканын жана комплекс өзүн өзүн каржылоодо экендигин, каражаттын тартыштыгынан анда ижарага орун берилерин билдирди.

 “Мен жаңы директордой эле, кызматка жаңы келгем. Түнкү клуб биз келгенге чейин эле келишим түзгөн экен. Биз келгенден кийин келишимди жаңырттык. Туристтик маалда алар ижарага 755 сом төлөйт. Бул каражат ипподромду иштетип турууга кетет” деди Абиров.    

Буга чейин Улуттук коопсуздук комитети 4-августта Чолпон-Ата шаарындагы ипподромдун имаратында жайгашкан «Сьюзи Вонг» түнкү клубунда  төрт даана гашиш баңги заты табылганын билдирген. 

Маалыматта белгиленгендей, болжолдуу маалыматтар боюнча аталган баңги каражаты оюн-зоок мекемесине келгендерге таандык.

Мындан тышкары түнкү клубдун ээлери тарабынан салык мыйзамдарын бузуу фактылары аныкталып, бул тууралуу тиешелүү акт түзүлгөнү кабарланды.

УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрөт

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты