Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу уланууда  

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 14-августта, Чолпон-Атада селдин кесепеттерин жоюу уланат.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.   

Кечээ, 13-августта, Ысык-Көл районунда селдин кесепеттерин жоюуда ӨКМдин 155 куткаруучусу, Чолпон-Ата шаардык мэриясынан 60 кызматкер, жарандык коргонуу кызматтарынан 27, жергиликтүү тургундардан 26, жалпы 268 киши иш алып барды.

Ошондой эле жерине 4 экскаватор, 3 жүктөгүч, грейдер, 2 КаМАЗ, 5 Хово, 2 авариялык куткаруу унаасы 2 мотопомпа, өрт өчүрүүчү 2 унаа, жалпы 21 техника тартылган.

«Рух Ордо» маданий борборунун сел суусу кирген аянтынын 40%, Чолпон-Ата шаарындагы 10 турак үй, Бактуу-Долоноту айылындагы 15 турак үйдүн короо жайы сел калдыктарынан тазаланды. Көпүрө жана 1 км жакын ички чарбалык жол калыбына келтирилди.

Чолпон-Ата шаарында 12-августта кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлүү жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан турак үйдүн, дүкөндүн короосуна кирген.

Селдин кесепеттерин жоюу максатында 12-августта Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими жарыяланды.

Сүрөт: ӨКМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты