Чолпон-Ата шаарында сел жүрдү (Видео)

Баштапкы маалымат боюнча, 11-августта Ысык-Көл районунда нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен Чолпон-Ата шаарынын Тогуз-Булак тилкесиндеги кокту-колоттордон аккан суу көчөлөрдү каптады жана “Жүдөмүш” каналында сел жүрдү.

Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Жерине ӨКМдин Ысык-Кѳл райондук бөлүмүнөн ыкчам топ жана райондук жарандык коргонуу кызматы тартылууда.

Ошондой эле Бостери, Бактуу-Долоноту айылдарындагы бир нече көчөлөрдү жана Булан-Сөгөттү айылын сел суулары каптады. Куткаруучулар тарабынан Бактуу-Долоноту айылынан 1 үй-бүлө коопсуз жайга убактылуу көчүрүлдү.

11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда да сел жүрдү. Жерине тактоо иштерин жүргүзүү максатында ӨКМдин Тоң району боюнча бөлүмүнөн ыкчам топ тартылган.

Мындан сырткары «Кыргыз жол курулуш» ишканасынан эки жүктөгүч тартылып, унаа жол эки тараптуу ачылды.

Сүрөт: Видеодон алынды

Видео: ӨКМ

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты