Чолпон-Ата шаарында нөшөрлүү жаандан улам кайрадан сел жүрдү  

Чолпон-Ата шаарында 12-августта кечки саат 21:20 чамасында нөшөрлүү жаандан улам кокту-колоттордон келген сел суулары сел өтүүчү Тогуз-Булак каналынан ашып, жакын жайгашкан турак үйдүн, дүкөндүн короосуна кирген.

Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев Ысык-Көл районунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу жумуштарын жеринде көзөмөлгө алууда.

Учурда жеринде министр баштаган куткаруучулар селдин кесепеттерин жоюу иштерин жүргүзүүдө.

Учурда тартылган күч-каражаттардын жардамында жалпы 56 турак үйдүн короо жайлары тазаланган.

Селдин кесепеттерин жоюу максатында 12-августта Чолпон-Ата шаарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

11-августта саат 18:10 чамасында жааган жаандын кесепетинен, Тоң районундагы Балыкчы—Бөкөнбаев унаа жолунда да сел каптаган.

ӨКМдин маалыматына караганда, 2024-жылдын алты айында Кыргызстанда селдин саны рекорддук чекке жетти. Бул аралыкта өлкөнүн бюджети табигый жана техногендик кырсыктардан 1 миллиард 900 миллион сом зыян тартты.

Өлкөдө быйыл сел жана башка кырсыктардан 25 адамдын өмүрү кыйылды. Өкмөт алардын жакындарына 1 миллион сомдон жардам бере турганын билдирген. Үйү капиталдык ремонтко муктаждарга 500 миң сомдон берүү каралган.

Сүрөт: Видеодон алынды

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты