«Чоң жетилик» менен Евробиримдик Украинаны калыбына келтирүү декларациясын кабыл алышты

  • 1 неделя мурун

26-сентябрда Нью-Йоркто «Чоң жетиликке» (G7) кирген өлкөлөр, Евробиримдик жана 30 мамлекет «Украинаны калыбына келтирүүгө көмөктөшүү боюнча биргелешкен декларацияны» кабыл алышты. Бул тууралуу BBCнин орус кызматы жазып чыкты.

Маалыматта айтылгандай, бул декларацияда Украинанын союздаштары Украинанын экономикасын колдоо жана анын согуштан кийин калыбына келтирилишине көмөк көрсөтүү боюнча милдеттенмелерин ырасташкан. Көмөк Орусиянын тоңдурулган активдеринен түшкөн каражаттар менен кайтарыла турган насыя менен ишке ашары айтылган.

Ал эми Украина бул декларацияда анын Батыш шериктештери Украина мамлекети үчүн эң маанилүү деп эсептеген экономикалык, соттук, укук коргоо жаатындагы жана коррупцияга каршы реформаларын жүргүзүүгө милдеттенген»,-деп айтылат маалыматта.

Декларация кабыл алынган жолугушууга Жо Байден баш болгон «жетиликке» кирген мамлекеттердин лидерлери, Украинанын президенти, Еврокомиссиянын жетекчиси Урсула фон дер Ляйен жана Улуу Британиянын, Италиянын жана Канаданын премьер-министрлери Кейр Стармер, Жорж Мелони жана Жастин Трюдо катышкан.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты