Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо участогунда добуш берүү үч саатка узартылды

  • 10 часов мурун

Бүгүн, 17-ноябрда, жергиликтүү кеңештин депутаттарын шайлоодо Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо участогунда техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам шайлоо мөөнөтү үч саатка узартылды.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) билдирди.

Буга чейин жергиликтүү кеңештерге шайлоо бүгүн саат эртең мененки саат 8:00дө башталып, 20:00дө аяктары айтылган.

БШКнын маалыматына ылайык, Ысык-Көл районунун Чоң-Сары-Ой айылындагы №3023 шайлоо участогунда шайлоо бүгүн, 17-ноябрь күнү, саат 23:00гө чейин узартылды.    

Бүгүн Бишкек жана Ош шаарларынын, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү. Шайлоо саат эртең мененки саат 8:00дө башталып, 20:00дө аяктамак.

Бүгүнкү күнү өлкө боюнча 2437  шайлоо участогу ачылып, 27 327 шайлоо участогунун мүчөлөрү ишке тартылды.  Жергиликтүү кеңештерге 4 135 039 шайлоочу катышат. 

33 шаардык кеңешке 993 депутат жана 231 айылдык кеңешке 5391 депутат шайланат.

Аралыктан добуш берүү үчүн 10 шайлоо участогу ачылды. Аралыктан добуш берүүгө 9050 арыз түштү .Кечээ, шайлоо имараттарынан сырт жакта добуш берүү иши жүрдү. Анда өлкө боюнча 9536 арыз түшүп, 8167 шайлоочу добуш берди.

Шаардык кеңештерге шайлоого 39 саясий партия катышууда, алар 4822 талапкер көрсөттү. Орто эсеп менен алганда бир мандатка төрт талапкер көрсөтүлдү.

Бүгүн, 17-ноябрда, Бишкек жана Ош шаарларына, Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Талас, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоолор өттү.

Шайлоо бюллетениндеги талапкер партиялар арасынан «Социал-демократтар» партиясы чийилди.

14-ноябрда Бишкек шаардык аймактык шайлоо комиссиясы «Социал-демократтар» партиясын Бишкек шаардык кеңешке шайлоого катышуудан четтетүү чечимин кабыл алганы белгилүү болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты