Чоң Чүй каналынан 15 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды

  • 2 недели мурун

23-августта Чоң Чүй каналына түшүп кетти делген 2009-жылы туулган өспүрүмдүн сөөгү бүгүн, 30-августта каналдан табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Маалыматта айтылгандай, ӨКМга жергиликтүү тургундар кайрылып, суудан адамдын денесин байкашканын билдиришкен. Сөөктү таап, суудан алып чыгуу үчүн он куткаруучу иштеген.

Өспүрүмдүн денеси укук коргоо органдарына тапшырылганы айтылды.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты