Чет өлкөлөрдөн кайтып келген мигранттардын саны өсүп жатканы айтылды  

  • 12 часов мурун

Эмгек министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулунун айтымында, чет өлкөлөрдөн Мекенине кайтып келген мигранттардын саны өсүүдө.

Бул тууралуу Швейцариянын Өнүктүрүү жана Кызматташтык Агенттиги (SDC) тарабынан колдоого алынган Эл аралык миграция уюмунун (ЭМУ) «Борбордук Азиядагы эмгек миграциясы программасы» долбоорунун жана Европа Биримдиги тарабынан «Миграциялык талдоо жана саясат үчүн аймактык маалыматтар (REMAP)» долбоорунун алкагында өткөрүлгөн конференцияда айтылды.

2023-жылы кайтып келген мигранттардын саны өткөн жылга салыштырмалуу 85% га көбөйгөн. Кайтып келген мигранттардын саны боюнча Ош, Чүй жана Баткен облустары алдыда.

Кайтып келген өлкөгө кайра миграцияга барууну пландаган жарандардын саны эки эсеге кыскарды.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты