Чет өлкөлүктөргө убадаланган акчасын бербей, кулчулукта кармаган жаран аныкталды      

Тигүү цехинин ээси тарабынан чет өлкөлүк жумушчу күчүн тартуу жана кызматкерлердин тийиштүү эмгек шарттарын камсыз кылуу жаатында одоно мыйзам бузуу фактылары аныкталды.

Бул тууралуу улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 19-июндан 20-июнга караган түнү Сокулук районунун Новопавловка айылында жайгашкан цехте тинтүү иштери жүргүзүлүп, анда Түштүк Азиядан келген  30 жаран эмгектенип жаткандыгы такталды. Аларда Ж.А.  алдамчылык жол менен ишке тартып, милдеттенмелерин бузуп, убадаланган эмгек акысын бербей келген.

Жергиликтүү милиция кызматкерлери менен ич ара сүйлөшүп алып, чет өлкөлүк жарандардын паспортторун тартып алып, Кыргызстанда “мыйзамсыз жүргөндүгү үчүн камайм” деп коркутуп турган.

Ж.А. чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген миграциялык тартипти бузуп, керектүү документтерди (чет элдиктерди каттоо, эмгек визасы, иштөөгө уруксат ж.б.) даярдаган эмес. Чет элдик жарандар өздөрүнүн эркине каршы кармалып, кулчулукта эмгектенген.

 Алардын жумуш орундары жана жашоо шарттары санитардык талаптарга жооп бербейт, толук тамактануу дээрлик камсыз кылынган эмес.

Мындан улам, жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, аталган Ж.А. жана райондук милиция кызматкери А.А. ИИМдин ички иликтөө кызматынын кызматкерлеринин катышуусунда кармалып,  УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

Сүрөт: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты