Чек ара кызматы: Балыкчы полигону тарапта сыноо учурунда Bayraktar эмес, чакан дрон кулады

  • 1 месяц мурун

Бүгүн, 14-августта, Балыкчы полигонунун аймагында чакан-дронду сыноо учурунда ал Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы аэропортко коноор маалда кулап, күйүп кеткен.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы билдирди.   

“Балыкчы полигонунун аймагында чакан-дронду тактикалык сыноо учурунда ал Ысык-Көл облусунун Тамчы айылындагы аэропортко коноор маалда кулап, күйүп кеткен. Ошону менен ал тиешелүү багытына жетпей калган. Чакан дрондун кулашынан эч ким жабыркаган жок. Азыркы учурда аэропорттун аймагын тазалоо иштери жүрүп жатат. Сынакка катышкан топ чакан дрондун кулашынын себебин иликтеп чыгат.  Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине караштуу Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникация башкармалыгы бардык учкучсуз учуучу аппараттар, анын ичинде Bayraktar  өз ордунда экенин билдирет, алар жабыркаган эмес” деп айтылат маалыматта.

Бүгүн, 14-августта, Тамчы айылындагы “Ысык-Көл” аэропорту тарапта учкучсуз учак кулап, ал жакта өрт болуп жаткан видео социалдык тармактарга жарыяланды.

Сүрөт: Социалдык тармактан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты