Чаткалда Маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери 5 млн сомдон ашык каражатты ыйгарып алууга шектелүүдө

  • 2 месяца мурун

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын ыйгарып алуу фактысы аныкталды.

Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) басма сөз кызматы билдирди.  

Маданият үйүнүн финансы-чарбалык ишмердүүлүгүн текшерүүнүн жыйынтыгында кызмат адамдары тарабынан 5 млн 255 миң сом өлчөмүндөгү акча каражатын ыйгарып алуу жана кызматтык автоунааны эсептик баасын төмөндөтүү жана документтерди жасалмалоо жолу менен мыйзамсыз эсептен чыгаруу фактылары аныкталды.

Текшерүүнүн жыйынтыгы жана чогултулган материалдардын негизинде УКМК тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу) негизинде кылмыш иши козголду.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында мурдагы директор Н.Ж.Н. жана башкы бухгалтер Б.А.Р. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Чаткалда Маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери 5 млн сомдон ашык каражатты ыйгарып алууга шектелүүдө
Чаткалда Маданият үйүнүн жооптуу кызматкерлери 5 млн сомдон ашык каражатты ыйгарып алууга шектелүүдө

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Сүрөттөр: УКМК басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты