Үч кыргызстандык Москвада киши өлтүрүүгө айыпталууда

33 жаштагы Сыдыкбек Абдрасул уулу, 30 жаштагы Майсалбек Абдрасул уулу жана 29 жаштагы Дамирбек Бараталиев 2024-жылдын 29-июнунда Москвада кармалган. Алар этиятсыздыктан адам өлтүрүүгө шектелүүдө. Учурда кыргызстандыктар тергөө абагында отурат.

29-июнга караган түнү Майсалбек Абдрасул уулуна таандык самсыкананын аймагында кыргызстандыктар менен орусиялык эки жарандын ортосунда чыр чыгып, мушташка айланган. Натыйжада 38 жаштагы орусиялык Николай Сергеев каза болуп, анын шериги, 34 жаштагы Максим Мухин жаракат алганын орус басылмалары жазган.

Маалыматтар боюнча, алардын экөө тең Украинадагы согушка катышып келген. Алар каргашалуу окуяга чейин бир апта мурун кайра согушка кетүү үчүн Орусиянын Коргоо министрлиги менен жаңы келишим түзүшкөн.

Майсалбек менен Сыдыкбектин апасы окуя кокустан болгонун, кыргызстандыктардын күнөөсү жок экенин айтууда. Ал билдиргендей, орус жарандары мас абалында мигранттарды жаман сөз менен тилдеп, аларга бычак менен кол салышкан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты