Чүй облусундагы үйлөрдүн биринен 26 кгдан ашык баңги зат табылып, ээлери кармалды (видео)

  • 19 часов мурун

Бишкек шаарынын милиция кызматкерлери тарабынан баңги заттарды сатууга шектелип, 37 жаштагы эки жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ИИББ) билдирип, видеосун жарыялады.

Маалыматка ылайык, кармалган жарандардын Чүй облусунун Аламүдүн районунун Баш-Кара-Суу айылындагы жашаган жеринен жалпы салмагы 26 кг 907 грамм баңги заттары табылган. Алардын болжолдуу баасы 2 млн 500 миң сомду түзөрү айтылды. Шектүүлөр баңги заттардын ар бир зип пакетин 2000 сомдон сатып келишкени аныкталган.

Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңги каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде иш козголгон.

Шектүү жарандар убактылуу кармоочу жайга камалган.

Сүрөт: Бишкек ШИИБ басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты