Чүй облусунда жана Бишкекте жер титиреди  

  • 3 месяца мурун

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 15:18де Кыргыз Республикасынын аймагында MSK-64 шкаласына ылайык очогунда 3,5 магнитудасына жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Чүй облусунун Ысык-Ата районунун Нурманбет, Интернационал айылдарында 3,5 балл, Кант жана Бишкек шаарларында 3 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөнүн очогу (Нурманбет айылынан 3 чакырым батышта, Интернационал айылынан 5 чакырым түндүк чыгышта, Кант шаарынан 13 чакырым түштүк чыгышта, Бишкек шаарынан 32 чакырым түштүк чыгышта жайгашкан).

Баштапкы маалымат боюнча жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты