Чүй облусунда фармацевтикалык завод ачылды

  • 5 дней мурун

Президент Садыр Жапаров 30-сентябрда Чүй облусунун Сокулук районундагы “Биовит” инфузиялык эритмелерди, инъекциялык ампулаларды жана көз тамчыларын чыгаруучу заводдун ачылыш аземине катышты.

“Биовит” ишканасынын аймагында 2019-жылдан баштап долбоорлонуп, курулган жаңы завод аралык GMP стандарттарына ылайык келери айтылды.

Садыр Жапаров бул жерде элдин саламаттыгына кам көрүү маселеси тургандыктан, завод Италия, Германия, Түштүк Корея жана башка алдыңкы өлкөлөрдүн заманбап жабдуулары менен жабдылганын баса белгиледи.

Бул долбоор ишкананын өздүк каражаттарынын жана Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун насыясынын эсебинен ишке ашырылды.

Мамлекет башчысы жакында эле Ош шаарында инсулин шприцтерин чыгаруучу завод ачылганын жана ал ишке кирери менен жүздөгөн миллион даана шприцтерди экспортко чыгарууга буйрутма алынганын эске салды.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча завод жылына 18 миллион литр инфузиялык эритмелерди, 57 миллион инъекциялык ампула жана 31 миллион флакон көз тамчыларын чыгараары күтүлүүдө.

Ал өз сөзүндө ар бир ишкана курулган сайын жаңы жумуш орундары пайда болорун, ал эми бул заводдун ишке кириши менен 100гө жакын жаңы жумуш орундары түзүлөрүнө басым жасады.

Садыр Жапаров дары-дармектердин өндүрүш процесси, сапатты көзөмөлдөө лабораториясы, даяр продукцияларды жана чийки заттарды сактоо кампалары, ошондой эле таңгактоо жана стерилдөөчү жайларды көрүп чыкты.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты