Чүй облустук сотунун эки судьясы пара алууга шектелип кармалганы айтылды   

  • 3 месяца мурун

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) тарабынан 2-июлда А.Т.А. жана К.У.Ж. аттуу Чүй облустук сотунун эки соту пара алууга шектелип кармалды.

Бул тууралуу Кaktus. media күч органдары билдиргенин жазып чыкты.

Маалыматтар боюнча, дагы бир, үчүнчү сот кармалып, кийин кайра бошотулган.

Кармалгандар пара алган деп шектелип жаткандыгы айтылды.

«Баштапкы маалыматтарга караганда, кармалган Чүй облустук сотунун судьяларынын аты-жөнүнүн баш тамгалары судьялар Улукбек Калыбеков менен Тилек Абдырашитовдун ысым, фамилиясына дал келет. Булар мурдагы күйөөсү кулагы менен мурдун кесип салган Асел Ногойбаеванын чуулуу ишин караган соттор» деп айтылат кабарда.

УКМК азырынча маалымат бере элек.

Бул маалымат жарыялангандан кийин Жогорку соттун төрагасы Замирбек Базарбеков соттордогу коррупциялык көрүнүштөргө, пара алууга жол берилбей тургандыгын,  андайларга сот системасында орун жок экенин билдиргенин басма сөз кызматы редакцияга кабарлады.  

“Тиешелүү мамлекеттик органдар тарабынан коррупциялык көрүнүштөрдү жоюуга багытталган бардык аракеттерди Жогорку соттун жетекчилиги колдойт” деп айтылат маалыматта.   

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты