Чүй каналына түшүп кеткен өспүрүм изделүүдө

  • 3 недели мурун

Чоң Чүй каналына чөгүп кетти делген 15 жаштагы өспүрүм изделүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ӨКМ кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, 23-августта мекемеге Көк-Жар айылындагы каналга 2009-жылы туулган А.А. аттуу өспүрүм бала түшүп кеткендиги тууралуу кабар келип түшкөн.

Мекеме азыркы тапта өспүрүмдү издөө ишинен жыйынтык болбой жаткандыгын айтып, издөө дагы улантыларын жана ал үчүн жалпы 10 куткаруучу эки кайык менен иштеп жаткандыгын билдирген.

Сүрөт: ӨКМнын басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты